super.kg logo

Жогорку Соттун чечими: Текебаевдин жана Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү

 

Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Жогорку Сотто дал ушундай чечим окулду.

Бүгүн, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда жактоочулар Текебаев менен Чотоновго карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөтүүнү өтүнүштү. Жогорку Соттун коллегиясы жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Тагыраагы, буга чейин Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылды. Жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.






Жогорку Соттун чечимин уккан Айгүл Текебаева кубанганынан көзүнө жаш алды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев

Сот 2,5 жылдан кийин Текебаевдин тарапташтарын кубандырган чечим кабыл алды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
21.08.2019. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
На конецта, мына адилеттүү чечим кабыл алыптыр, буюрса Текебаев жакынкы аралыкта чыгып калат деп үмүт кылабыз!
21.08.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хадисти кпйталап туруш керек сотторго
SUPER.KG видео
21.08.2019. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо боштондука чыктыбы
SUPER.KG видео
22.08.2019. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кж, "аялы" детей " жубайы" дегиле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: