ЭЛДИК ВИДЕО: "Ой келин, бул кылганың туура эмес!" Жаңы ачылган сейил бактагы "жаныбарды" минип алды
Кечээ, 30-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Ч.Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземи өттү. Анын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков да катышкан.
Андан соң сейил бакка келип, демейдегидей эле жаңы жайдан сүрөткө түшкөндөрдүн саны көп болду. Андан көп узабай, социалдык тармактарга көпчүлүккө күтүүсүз болгон видео жарыяланды.
Ал видеодо 2 келиндин жоругу тартылган. Сейил бакка көрк берүү үчүн "жашыл бактар" жаныбардын формасында кыркылып коюлган. Анын арасында мүйүздүү бука да бар. Видеодон эки келиндин бири экинчисин сүрөп, үстүнө чык дегенин угууга болот. Экинчиси эч тартынбастан буканын үстүнө чыгып, сүрөткө түшүп жаткан. Бул учурда аларды карап турган көпчүлүк туура эмес кылып жатышканын айтышып, башкалардын эмгегин баалоого чакырышкан.
"Ай, келин, бул кылганың туура эмес. Ошонун үстүнө чыгып алып сүрөткө түшсөң эле бейишке кирип кетесиңби?!", - деген сөздөр угулат.
Паркта “жаныбарды” минип сүрөткө түшкөн кыз талкууда



Аял көрбөгөн тигинтип өлтүрөт .болуп бечарараны өлтүрүшөт экен очерет менен мине берип уятсыздар
Акылы жок дагы мындай кылбайт.
Коргондун корбогону курусун дейт беле.