super.kg logo

Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 71 жаштагы сыныкчынын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчынын жансыз денеси өз үйүнүн короосунан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү болжол менен 04:30 чамасында болгон. Анда каза болгон аялдын 12 жашар небереси үй өрттөнүп жатканын айтып, кошуналарына жардам сурап барган.

"Ыкчам-тергөө тобу барганда короодо аялдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Маркум көмкөрөсүнөн жаткан жана бир жарым метр алыстыктан канга боёлгон бычак табылган. Анын денесине сырттан кароо жүргүзгөндө артына 9 жолу миздүү нерсе менен сайылганы аныкталган. Аялдын буту жана чачы күйгөн. Үйдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда 3-4 версиянын негизинде тажрыйбалуу кызматкерлер кылмыштын бетин ачуу максатында иштеп жатышат", - деп билдирет басма сөз кызматынын өкүлү.

Буга чейин Өзгөн районунда 70 жаштагы сыныкчыны өлтүрүп, үйүн өрттөп жиберишкенин маркумдун атын атагысы келбеген кошунасы билдирген.






Өзгөндө 71 жаштагы табыпты өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
09.09.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Байкуш Надя эже канча адамга жакшылык кылды эле, жаның көзүңө көрүнүп ооруп баргандарга көп эле пайдасы тийди эле.Ким мынчалык мыкаачылыка барды экен?
09.09.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыныкчы деген эмне?
engel түзөттү 2019-09-09 13:45:02
09.09.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,костоправ
09.09.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
engel,чыгып кеткен сөөктөрдү салат.
10.09.2019. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
engel,сыныкчы деген сындырат)
09.09.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшылык корбой калгыр десе кимдин колунан келди экен
09.09.2019. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобо жаканды кармайсын кандай гана кара ниет мыкаачы эки бутту карышкырлар бар жашоодо
09.09.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орус кемпир деп туштукко таанылган аял болчу.Кызык,ким экен бул кемпирге очошкон.Баарына жакшы мамиле кылат эле
09.09.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Надя эже жакшы болчу, менин белим чыгып кеткенде салып берген бекер еле, олтургон адамды кармап 9 жолу бычак сайса ага 90 жолу сайса да каршы эмесмин!!! Жаткан жери жайлуу болсун!!!
10.09.2019. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазасын алсын мыкаачылар
10.09.2019. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Надябы???? Койчу байкуш ушинтип олдубу? Коп адамдарга пайдасы тийген. Жакшылык корбой калгырлар
SUPER.KG видео
10.09.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии жайы жаннаттан болсун жакшы кемпир болчу жазда баргам белим ооруп баспай, томографияда остеохондроз деп койгон,чыгып кеткен экен коп жыл болгон болчу ошону салып берген азыр кудайга мшугур женил жугуруп журом. менден акчада алган эмес болчу коп кыйналыпсын деп.
10.09.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
71жаштагы энеде эмне куно бар эмне учун олтурду экен,жакшы сыныкчы окшойт кабарын мурда укканда апамдын белин салдырчы экем,жаны жанаттан берсин кудайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: