Суусамырда 5 миң гектар арпа кар алдында калып, мал жандыктар өлдү (видео)




Суусамыр өрөөнүндө кардын күтүүсүз калың жааганынын кесепетинен 5 миң гектар жерге эгилген арпа кар алдында калып, жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары сууктан өлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган өрөөндүн айылдык кеңешинин төрагасы Нурдастан Кулматов билдирди.
Анын айтымында, Суусамыр өрөөнүндө жалпы 6100 гектар айдоо аянтына арпа айдалган. Алардын ичинен 1100 гектар жер чабылып, жыйналып алынган. Кар калың жааганынын кесепетинен 5 миң гектар жердеги арпа кар алдында калган.
"Айдоо аянтына түндө барып алыбыздын жетишинче кыдырдык, карап көрдүк. Тилекке каршы, арпанын баары кар алдында калыптыр. Негизи арпаны жергиликтүү дыйкандардын көпчүлүгү насыяга акча алып эгишкен экен. Кээ бирөөлөрдүн кой-уйлары тоодон түшпөй калды. Кээ бир тургундардын короосунда эле 20-30 баш кой өлүптүр. Кар күтүүсүз жаап, жергиликтүү элди түйшүккө салды. Жалаң эле Суусамыр өрөөнүндөгү мал жандыктар эмес, Чүй облусунан жайлоого келген жайыт пайдалануучулардын кой-уйлары тоодо калып кетти. Ал жакта тоо-жардан кулап өлгөн мал дагы көп экенин билдирип жатышат. Чүй, Талас, Ысык-Ата, Кемин өрөөндөрүнөн келишкен жайыт пайдалануучулар жабыркады. Тоо башында кардын бийиктиги 30 сантиметрге чейин жетип, жайыт пайдалануучулар кой-уйларын түшүрө албай, тоо башында турат", - деди Кулматов.
Учурда аталган өрөөндө электр жарыгы жок болгондуктан, жергиликтүү эл эч ким менен байланыша албай жатышат. Суусамырда кар учурда дагы деле жаап жатат.
Суусамырда 5 миң гектар арпа кар алдында калды
Суусамырда кар жаап, жергиликтүү элди түйшүккө салды
Суусамырда күндүн көзү ачыла элек
Мал өлүп, дан кар алдында калды: Суусамырга түшкөн сууктун түйшүгү


1 |