super.kg logo

Чек арада жан берген бир туугандар: Ок тийип каза болгон Равшан Муминовдун жакындарынын күйүтү

 

SUPER.KG порталы атайын алыскы Баткен облусунун Лейлек районуна барып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы жашоочулардан кабар алып, ал жердеги абал менен таанышып кайтты. Алгач эле 16-сентябрдагы чек ара чырындагы атышуудан каза болгон 41 жаштагы чек арачы, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүштүк.

Анын артында жубайы жана үч баласы калды. Мамлекеттик чек ара кызматынын "Бөрү" атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов Исфана шаарынын тургуну болуп, үй-бүлөсү менен батирде жашап келген. Маркумдун агасы Хасанбай Муминовдун айтымында, иниси Равшан Муминов үч балалуу болуп, балдары чоңоё баштаганда эле ата-энесинен бөлүнүп, батирге чыгып кеткен.

Чек ара кызматкери болуп иштеген Равшан Муминов үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлүп, ар дайым жумуш үстүндө болгон. Маркумдун таежеси Хосият Хайдарова жээнинин атасыз калган үч баласына мамлекет кайдыгер карабай, жардам берүүсүн суранды. Хосият Хайдарованын айтымында, маркум Равшандын 1976-жылы туулган агасы Дилшат Муминов да 2003-жылы чек арада кызмат өтөп жатып каза болгон. Инисинин эмгеги бааланбай унутулуп калганын айтып, эми каза болгон иниси Равшан Муминовдун эмгеги унутулбай, үй-бүлөсүнө жардам берилип туруусун өкмөттөн өтүндү.

Маркум Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-сентябрда Исфана шаарында өткөн. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бийлик өкүлдөрү көңүл айтып барышкан. Өкмөт башчы маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан колдоо боло турганын кошумчалаган.

Равшан Муминовдун жакындарына президент Сооронбай Жээнбеков да көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшкөн. Ал эми Муминовдун жубайы Мухойе Муминова экөө эки уул, бир кызды тарбиялап келишкен. Артында калган балдарынын эң улуусу 11 жаштагы Азизбек 5-класста, сегиз жаштагы кызы Сарвиноз 3-класста окуйт. Ал эми кичүү уулу Аббоз 4 жашта. Маркумдун көкүрөк күчүгү Аббоз биз барганда эч нерседен кабары жок, чөнтөк телефон менен алышып отурду.

Маркумдун жубайы Мухойе жолдошун жоготконуна ишене албай, кан жутуп турганын айтты.

Ал эми маркумдун апасы Лолахан Муминованын ден соолугу жакшы эмес болгондуктан, анын абалы күндөн-күнгө оорлошууда.

Равшан Муминовдун кайнатасы Махаматжон Каландаров күйөө баласы Равшан Муминовдун эл үчүн курман болгонун айтып, аны кичи пейил жана өз ишине так адам болгонун айтып өттү. Артында калган кызы жана үч небересине мамлекет тараптан жардам берилүүсүн суранып, президентке жана өкмөт башчыга кайрылуу жасады.

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, Равшан Муминов ак ниеттүүлүгү үчүн 1- жана 2- даражадагы “Мыкты чек арачы” төш белгиси, “Мамлекеттик чек араны кайтаруудагы артыкчылыгы үчүн” 1-даражадагы медалы жана “Баткен коогалаңына 15 жыл” мааракелик медалы менен сыйланган. Бирок маркум алган сыйлыктары тууралуу эч кимге ооз ачкан эмес. Анын чоң сыйлыктарга ээ болгондугун үй-бүлөсү жана жакындары ал каза болгондон кийин билишкен.

Равшан Муминов 1978-жылы 31-октябрда Ташкент шаарында туулган. 1985-жылы Исфана шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепке барып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2002-жылдын сентябрь айынан баштап Лейлек чек ара отрядынын “Айкөл” тозотунда инженердик-сапердук ротада жана атайын дайындалган “Бөрү” отрядында келишим менен кызмат өтөп келген.

Маркумдун кесиптеши Улукбек Мамасеитов Равшан Муминовду адамдык сапаты жогору инсан болгонун, окту таамай аткан чыныгы кесипкөй болгонун айтты.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптын чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен, атайын даярдыктагы аскер Равшан Муминов каза болуп, 13 киши жарадар болгон. Жарадар болгон жарандар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алынып келинген.


кошулду





Чек арада жан берген бир туугандар: Ок тийип каза болгон Равшан Муминовдун жакындарынын күйүтү

Автор: Гүлшат Исмамат кызы
Оператор: Улук Сулайманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.09.2019. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сабыр кылсак мамлекет үй берип калаар каза болгон жоокердин балдарынын келечеги үчүн. Биз дагы суранып кетет элек үй берип тим болбостон жардам көрсөтүп турса балдары жакшы билим алып чоноюшат буюрса
26.09.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
уй берип койсо жакшы болмок окмот . Айсулууга 3 комната берди баткенде арзан эле уй Бир комнатанын акчасыга келсе керек чек ара бекем болбосо алтын кенин байлыгын кимге керек?!!!
27.09.2019. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мамлекет созсуз жардам бериш керек
.Аллахым баарыныздарга сабыр берсин. Туболуктуу эч ким жок. Сабырдуу болунуздар туугандар.
27.09.2019. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайым жаткан жерин жарык топурагын торко кылсын. Мекен үчүн шейит болгон жоокерибиздин жакындарынын кайгысын тең бөлүшөм.
27.09.2019. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мамлекет жардам берсе жакшы болмок,бул баласы баарын багып жаткан экен.Уй-булоосуно сабырдуулук каалаймын.
28.09.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындайларга уй берип пнан жардамда берилиши керек и башка военныйларда да стимул пайда болот.
SUPER.KG видео
29.12.2019. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй бергени жакшы го, бирок балдарынын тирилиги эмне болот. Кийим алыш керек, тамак аш ж.б. Мына бийликтин эли жерин коргоп жургон адамдарга кылган мамилеси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: