super.kg logo

3 жыл мектепте иштеген 23 жаштагы мугалим "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алды. Коомчулуктун сынына министрлик эмне дейт?

 

Мугалимдердин кесиптик майрамында 23 жаштагы жаш окутуучунун "Билим берүүнүн мыктысы" деген төш белгини алганы социалдык тармактарда талкуу жаратты. 3 жылдык тажрыйбасынан кийин мындай сыйлыкка ээ болгон мугалим Бактыгүл Жапар кызы Ош шаарындагы №50 Паиз Нышанов атындагы мектепте география сабагынан окута тургандыгы белгилүү болду. Ал Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков буга чейин аталган окуу жайда ректор болуп иштегендиктен, ал экөөнүн тааныштыгы бар деген божомолдор айтылып жатты. Көбү 3 жылдык эмгек менен төш белгиге ээ болуу жөн жерден эмес деген пикирлерин жазып жатышты.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Бактыгүл Жапар кызы менен министрдин эч кандай тааныштыгы жок экендигин маалымдады.

"Каныбек Исаков менен ал мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жок. Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы билим Берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө аталган төш белгиге татыган.

2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктары жөнүндөгү жобосунун 7-пунктуна (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды: республикалык “Жыл мугалими” сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрүн, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйлоого укуктуу.

№50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими 2019” конкурсунун жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ал эми Бактыгүл Жапар кызы анын сыйлык алуусу боюнча каршы пикир айткандарга төмөндөгүдөй жообун узатты.

"Мен география мугалими катары 3 жылдан бери эмгектенип келем. Бюджеттик негизде жогорку окуу жайын аяктагандыгыма байланыштуу келишим боюнча 3 жыл иштеп беришим керек жана андан кийин да педагогикалык ишмердүүлүгүмдү улантайын деген чоң максатым бар.

Мектепке келгенге чейин да жогорку окуу жайында кайсы бир деңгээлде ийгиликтерди жаратып, тийиштүү сыйлыктар берилип келген. Мектепке жаңыдан келген жылы Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында өзүмдүн предметим боюнча шаарыбызда алдыңкы орунду ээлеп, грамота менен сыйлангам. Муну менен катар өткөн жылы уюштурулган мугалимдердин сынагында баш байгенин ээси болуп, башкармалыгыбыздын Ардак грамотасы жана Кубок менен сыйлангам. Муну менен катар Ош шаарынын мэриясынын сыйлыгы, Ош шаардык кеңешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, Жогорку Кеңештин ыраазычылык баракчасы менен да сыйлангам. Бирок ушул сыйлыктардын бирөөсүнө да өзүмдү сунуштап, тааныш салып, жүгүргөн эмесмин.
Фейк аккаунт же башка фейк маалымат булактары аркылуу интернетте жазылып жаткандай, жаңы дайындалган билим берүү жана илим министри Исаков менен эч кандай тааныштыгым жок, болгону мен ал иштеп кеткен ОшМУда окугам. Ал менин "күнөөм" болбосо керек. Каныбек Исаковду мен ректорубуз катары, ал эми учурда билим берүү жана илим министри катары гана тааныйм. Сыйлыкты алууда жаш курагым тоскоол болсо, анда айла жок. А мен нормалдуу ойлонгон киши катары, өзүмдү бир да сыйлыкка сунуштаган эмесмин, сунушталып келемин, бардык сыйлык мен үчүн күтүүсүз болуп келген. Ишенимди мындан ары да актаганга бүт аракетимди жумшайм", - деп билдирет ал.






3 жыл иштеп “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алган мугалим талкууда

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(28)
08.10.2019. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Каныбек Исаковду каралагысы келгендердин биринчи планы ойрон болду. Таза иштеген адам эч качан кара бойдон калып калбайт. Ак ийилет, бирок сынбайт.
08.10.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Жаштарды колдоо керек стимул берип,балким бул кыздын жаш болсо да билим беруу методу башкача чыгар.
08.10.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Absamat-90,
Бул кыз мектепте дагы жакшы окуган кыз ,татыктуу эле алган туура айтасыз
08.10.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ОшМУда канчалаган студенттер бар, алардын кимиси сыйлык алса да Исаков куноолуу эмес да, жаштардын сыйлык алышы башка жаштарга да стимул болот. Жаш болсо деле сыйлык алса болот экен деген. Карыларга да стимул болот мен эле эмес жаштар алып атат, мен болсо журом дагы деле деген.
08.10.2019. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жаш мугалимдерге колдоо коргозуп, дем куч бериш керек. Мугалимдер жетишсиз,жаштар мугалим болуп иштегилери келбейт. Иштегендерди мынтип каралап жатсак туура болбойт го.Азыркы заманда мугалим болуу абдан кыйын.Биз мектепте окуган мезгилде эжеке агайларыбыз урушуп анча-мынча уруп койсо деле озубузду куноолуу сезип отуруп калат элек. Азыркыларды чексине кичине чертип же соз менен урушуп койчу сразу ата-энеси келип ызы-чуу салат.
08.10.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijanar17,интернетке чыгарат го сразу
08.10.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктаймын карындаш, талыкпас мээнетиңдин үзүрүн көрө бер.
08.10.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
ушуга окшогон иштейм деген жаштарды которуш керек, а биз тескерисинче тебелейбиз го устуно чыгып
08.10.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эмнеси бар экен, сыйлык алса алатта. Эмне завидовать этип жатып каласынар, колунардан келсе силер да алгыла сыйлык. Колунардан Бок келбейтда анан суйлоносунор. Ичи тарлык ичинерди ит тырмап. Бактыгул Жапар кызы Алга!
08.10.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мындан көп, канча жылдан бери өмүрүн мектеп үчүн арнап, эскерилбеген эже - агайларыбыз андан көп, үч жыл иштеп мындай сыйлык алыш эрте го
08.10.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aikaaaa,Татыктуу болуп турса кантип эле сыйлабай коюшсун. Ар ким оз эмгеги менен бааланат. Узак жылдар бою иштегендер мыкты болбосо да эл агартууга эмгеги синген инсан катары бааланыш керек.
08.10.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дейт. Азыркы заманда мындай сыйлыкты алуунун 2 жолу бар, же акча менен, же тааныш аркылуу. Эмгегиң же иштеген ишиң аркылуу эч убакта ала албайсың. Андан дагы өзүң чуркабасаң жөн эле РайОНО грамотасын алыш кыйын. Мектепте көп жылдап иштеп келе жаткан мугалимдер мени түшүнүшөт деп ойлоймун. Жомок айтса ошол жомокко ишенип жашоонун кереги жок. Чын эле азыр мугалим болуп иштеш аябай эле кыйын болуп баратат. Билим сапаты деген жөн эле соз болуп калды.
08.10.2019. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aksymusa, Менин эжем мугалим 24 же 25 жашында жылдын мыкты мугалими болгон. Эч кандай тааныш билиш, эч кандай акчасы жок эле. Уйдо сабака даярданганын коруп, менин да мугалим болгум келип кетчу. Оз эмгеги, кесибине болгон суйуусу менен эле ийгиликтерге жетип келет.
08.10.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
akmanai,Сен ал жомокту башка бирөөгө айт. Жылдык мыкты мугалими конкурсу кандай өтөт деги билесиңби? Эжең эмес өзүн катышып көрдүн беле. Райондук, областтык конкурстарда ким биринчи орунду алышы конкурс өтө электе белгилүү болуп калат, муну конкурска катышып жүргөн мугалимдер баары билишет.
Албетте жаш мугалимдерге дем бериш керек, бирок көптөгөн жылдар бою мектеп, окуучу дегенде жанын берген, эч кандай сыйлык ала албаган мугалимдер бар, себеби алардын акчасы же таанышы жок, аларды ким ой
08.10.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдын мугалимин алса анда бул сыйлыка деле татыктуу.Бул маселени көтөргөн адам наам ала албай калып чычалап жүрөт окшойт.
08.10.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nevestkaa, "Билим берүү мыктысы" төш белгисин алуу үчүн атайын иштелген, министрликтен бекитилген талап бар. Анда айтылат: 15 жылдан кем эмес педстаж, тармактын Ардак грамотасы, ББжИМдин (министрликтин) Ардак грамотасы, аны алгандан кийин 5 жылдык стаж, анан гана төш белги. Демек, бул кыз Ардак грамотага гана көрсөтүлүшү керек болчу.
08.10.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озубуз кечке жаштарды которбойт деп сайрайбыз,минтип сыйлык алса баса калабыз акча менен алды деп
08.10.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bars88, туптуура, кептин баары озубуздун ичи тарлыгыбызда
08.10.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыйратып мугалим болуп иштебеген "сексалю" деген депутат деле алды го.
08.10.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alinur96kg, ))))))
08.10.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alinur96kg,)))) туура айтасыз
08.10.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Админ мектепте акча чогултмайдын токтокула деген буйругун жуктоп койгулачы мектептин астына илип койойун чоон кылып
08.10.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркынын эн мыкты шылтоосу фейк, фейк.
08.10.2019. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сыйлыгы кут болсун!Менин апам деле 27жашында алган эч кандай тааныш билиши жок эле.
08.10.2019. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baktyluu_bolgum_kelet,сенин апан да татынакай болгон экен да, куттуктайм кеч болсо да алган наамы учун энекендин.
09.10.2019. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidar.001,Мен үчүн баарынан кымбат!Эй эркек!
Апама асылчу болбо!!! Апам өз күчү менен алган
азыр да ардактуу мугалим!
09.10.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштарга стимул беруу керек,чыдап иштеген мугалимдерге мин жолу таазим!Рахмат агай-эжелерим!Оркунунор оссун,бар болунуздар!
09.10.2019. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жаш мугалимге грамата берилиш керек эле себоеби 15жылдан ашуун иштегендерге тош елги беришет мугалимдерге,грамата алуу аябай кыйын эле азыр жакшы сыйлап берип калды

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: