super.kg logo

Күйөөсүнө "Кийим абересиз" деген видеосу тарап кеткен келин элдин талкуусунан кандай сокку алганын айтып берди

 

Өткөн аптада социалдык тармактарга келиндин күйөөсүнө "Кийим алып бересиз" деп чырдап жаткандагы видеосу тараган. Видеону көргөндөр дароо эле "тажаал аял", "мындай аялдан Кудай сактасын", "ыймансыз" деген сыяктуу терс пикирлер жазылып, шакаба кылгандар да четтен чыкты. Бул арада "ал аялды шылдыңга алуу туура эмес, видеолорду өчүрөлү, өзү тууралуу жазылган комментарийлерди угуп, абдан оор абалда турат" деген интернет колдонуучу Сайрагүл Полотова аны шакаба кылбоого чакырган. Биз ал аркылуу видеодо тартылган келин Ырыскүл Макситова менен байланышып абалын сурадык.

Ал сөзүн "Азыр мага көчөгө чыккан эмес, дем алуу да кыйын болуп жатат" деп баштады. Айтымында, ал видеодо урушуп жаткан күйөөсү менен октябрь айында ажырашып кеткен.

Ырысгүл, видео тарап жатканын сиз өзүңүз көрдүңүзбү же сизге кабарлаштыбы?

- Жума күнү эле, түшкө жакын курбум чалып сен тартылган видео тарап жатат деди. Мен ал видеону көргөндө үстүмдөн кимдир бирөө муздак суу куюп жибергендей болду. Эч бир сөз чыкпай көпкө кыймылсыз отуруп калдым. Мен эле эмес, эжелерим да абдан жаман абалда калды. Анткени видеодо мен кыйкырчаак, тажаал аял көрүнүп калгам. Ооба, аша чаап күйөөмө ашыкча сүйлөнгөнмүн, бирок менин ачуум ошого жеткен болчу. Күйөөм экөөбүз 8 ай жашадык, алгачкы 3 айында бир да жолу үйдө чыр болгон жок. Ал жаман деп бир тараптуу сүйлөгүм келбейт. Ал менен өзүмдү бактылуу сезген учурларым болду, жакшы күндөрүбүз өттү.

- Анда сизди ачууланганга эмне жеткирди?

- Ошондон бир күндөн кийин тойго бармакпыз. Көп эле аялдар тойго жакшы кийим менен барууну каалашат. Ошондо мен ушул оюмду айтсам, алып бербейм деп койгон. Биз чогуу жашаган 8 айда менде андай шарт болгон жок. Башында унчукпай, өзүм алып келген кийимдерди кийип жүрдүм. Өзүм иштеп өзүмдү камсыздаганга айылда жумуш жок, экинчиден күйөөмдүн мурунку турмушунан 2 баласы бар, ошолорду карап үйдө отур, сени өзүм камсыздайм дечү. Бирок бир жолу миң сом берсе аны 2 ай айтчу, айтор кысылып кеттим. Баарына чыдайын десем анын мени менен жашай турган ниети да өзгөргөндөй болду. Мунун баарын ачыктап, анын купуя сырларын жая албайм, андан көрө ал мен кеткенден кийин бир жума өткөн соң башка бирөөгө үйлөнгөн десем түшүнүктүү болсо керек.

Ошол учурда анын өзгөргөнүн байкап ачуумду баса албай кыйкырып жаткан элем. Башынан эле аялдык сынымды бузбай, тыкан, жарашыктуу кийинип жүрүүнү туура деп көрөм. Муну жашырбайм. Биздин ажырашуубузга башка нерсе себеп болду. Видеодогу окуя ажырашкандан бир ай мурун болгон. Мен анын видеого тартып жатканын билген эмесмин.

- Бул боюнча күйөөңүз менен сүйлөштүңүзбү?

- Видео тараганда күйөөмө эжелерим чалды. Ал мен тараткан жокмун, өзүңөр тараттыңар деп бизди күнөөлөп койду. Дагы башка виделору да бар деп коркутуптур. Негизи видеону күйөөм өзүнүн анан менин эжеме жөнөткөн экен. Менин эжем аны эмнеге жайылтмак эле. Андан ары ким таратты деп териштирген жокпуз, балким, "өзү ушундай жаман аял болчу" деп кимдир бирөөлөргө актанып жөнөткөндүр, андан ары тарагандыр, билбейм.

- Күйөөңүз кечирим сурадыбы?

- Ооба, кечирим сурап сүйлөп жөнөтүптүр. Мен ага чейин эле ага каршы эч кандай аракет көрбөйм деп ойлонгом. Сотко бербейм, жамандык каалабайм. Көбү "сотко берип акча өндүрүп ал" деп жатышат. Күйөөм үчүн эмес, анын 2 баласы үчүн мындай жолго барбайм. Өзүмдүн балам жок болгондуктан, аларга абдан жакын болуп калдым эле, кичүүсү 3-класста окуйт. Мен кетип калганда мени менен келип, 1 апта жанымда жүрдү. Менден кетпей ыйлап жатты. Жаман аял болсом бала деле мага тартылмак эмес. Азыр аларды эстеп, сагынып да ыйлап жатам. Балдары менен жолугуштурам десе жолугууга даярмын. Негизгиси күйөөмдү Кудай кечирсин.

- Азыр абалыңыз кандай?

- Дагы деле жакшы эмесмин. Отуруп, туруп эле ыйлап жатам. Бул абалдан өз алдымча чыга албайм го деп психологдун жардамы керек экенин сезип турам. Элдин шылдыңы өтө оор болот экен. Аттуу-баштуу, мен чыгармачылыгын сыйлаган куудулдардан тартып, ар бир интернет колдонуучуга чейин шакаба кылышты. Эжелерим да, өзүм да көчөгө чыга албай калдык. Эжемдин эмчектеги баласы ооруп калып, бүгүн ооруканага барууга туура келди. Ал жерден элдин баары мени таң калып карап, сүрөткө түшүп алалы деп жүрүшөт. Анткен сайын оор болуп жатат. Социалдык тармактарга көп кирбейм, жакшы колдоно албайм. Чыныгы абалды түшүндүрүп, видеолорду өчүрүүгө курбум жардам берди. Болбосо ал жайылган сайын "өлүп алсамбы" деген ой келип жатты. Элге кайрылып, менин видеомду жайылткандын ордуна өчүрүп койгулачы деп суранат элем.

Биз Ырыскүл Макситованын классташы Сайрагүл Полотованын да оюн уктук. Ал курбусун оор абалда колдоп, социалдык тармактардагы видео-постторду өчүртүүгө активдүү аракет кылып, моралдык колдоо да көрсөткөн. Ал курбусу үйдө бир туугандардын эң кичүүсү, эркелик мүнөзү бар экенин айтып, бирок ичине жаман ой катпаган, ачык-айрым адам деп мүнөздөдү.

"Мен видеосу тарап жатканын көргөндө ага дароо байланышып, тынчтанууга чакырдым. Алгач нес абалда болду. "Жүрөгүңө жакын алба, сен уят сөз сүйлөгөн жоксуң, жылаңач эмессиң, үй-бүлөдө ар кандай абал болот" деп айтып жаттым. "Бул вайн сыяктуу тартылган деп түшүнүп жатышат" деп да айтып жаттым. Буга карабастан өзү да, эжелери да депрессияга түшүп калышты.

Жазылып жаткан терс пикирлерди токтотуп, аны өзгөртүү үчүн блоггерлерге, коомдук ишмерлерге, аялдардын укугун коргогон уюмдарга кайрылып сурандым. Анын абалын айтып, жеке куржундарына да кат жөнөттүм. 11 саат интернетте отуруп, видеону жайылтпоо аракетин көрдүм. Абалды түшүнгөн адамдар болду. "Үй-бүлөдө аялдын эмоцияга алдырып сүйлөгөн сөзү экен, талкууга алуунун кереги жок" дегендер да чыкты.

Кыргыздын кыздары "ушул жерде тыңып кетели" деп барган жерибизде өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кылабыз. Ырыскүл деле ошондой кыздардын бири болду, турмушка чыгып күйөөсүнүн 2 баласын багып, мал карап, кышкы салаттарды жаап эле кызмат көрсөтүп жүргөн.

Ага чейин оорулуу апасын 10 жыл бакты. Үйдө апасы экөө болчу. Өткөн жылы апасынын көзү өтүп кеткен. Андан кийин турмушка чыккан. Апасынын күйүтү өчө электе бул ага оор сокку болду. Коомчулукту жеке адамдардын видеосун таратууда жана талкууга аларда кылдат болууга чакырам. Мунун кесепети жаман аяктап калышы мүмкүн", - деди ал.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр.






“Кийим абересиз” деген келин: “Азыр мага дем алуу да оор болуп жатат"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(52)
04.12.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Чындап эле чыгарбай эле койсо болмок аны элге. Жанагы блоггер деген ахмактарга табылбай эле турат.
04.12.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бактылуу болсун суротун коруп жаш эле келин экен жакшынакай деп койдум.
04.12.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kyrgyz-jigit.com,адам аласы ичинде мал аласы тышында
04.12.2019. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Баардык эмес бирок катынпоз,жалкоо Эркектер кобойду. Туура эле айткан иштесин баксын жатып албай. Аялдар ошон учун чет жака коп чыгып кетип атат.
04.12.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Блогер болумуштар видео деп эле көрүнгөн видеолорду тарканыңарды койсоңор!
04.12.2019. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар бир уй булоодо ар кандай проблемасы бар. Бироонун жашоосу менен кимдин иши бар. Азыр аялдарга карата болуп жаткан зордук зомбулуктар, басмырлоолорго каршы турушунар керек. Аялдар коомдо оз оюнарды ачык айтып чыга айлайбыснар. Андайлар коомдо аз гана. Аялдардын оюн ит ургон сыяктуу гана корушот.
filis түзөттү 2019-12-04 18:40:22
05.12.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
filis,жакшы экенсин анда площадка чык
04.12.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
8 айда ушундай болсоң , кудай сактасын
04.12.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Flowhive,бироонун жашоосун билбей туруп суйлобой эле койсонуз, сураныч! Жебеген, кийбеген жердин астында дейт. Аял болгондон кийин биз да эл кийгенди кийгибиз келет, эл барган жерге баргыбыз келет. Тамаша чынын аралаштырып кээде ушинтип суйлонуп алабыз. Бул ар бир уй булоодогу корунуш, шакаба кылбай, тиригилигинерди кыла бергиле. Ырысгул айым депрессияга тушбой, жаман ойлордон алыс болушунузду суранат элем, сиз буюрса эн бактылуу айым болушунузду каалайт элем!
04.12.2019. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бироонун уй булосун ушактап, бироону мазактап, кыздарды кемсинткен бир гана кыргыздардын колунан келет экен.
04.12.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Аялды алгандан кийин эркеке окшоп кем нерсесин алып бербейсинби , видеого тарткандын ордуна
04.12.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
пул дебей акча десе боло
05.12.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Altyn.bala,пул десе эмне болуптур?
04.12.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
8 ай жашайбы 8 кун жашайбы, баардык шартын тузуп берууго милдетту эркек сорой. Тузуп бере албайбы бычып алсын бир жерин уйлонбой эле...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: