Жактоочу: "Шектүү Ширин Айтматованын күйөөсү экенин билген эмесмин, маалымат жыйынды токтотом"



Бүгүн, 20-декабрда мурдагы депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевди УКМК кармаганы боюнча Кытай жараны жана анын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Жанара Аскар кызы маалымат жыйын берип жатышкан.
Өз кезинде Кытай жараны Мотайлифу Маймайтямин "мени Сыргак аттуу жаран 350 миң долларга алдап кетти" деп билдирди.
Маалымат жыйын ортосунда журналисттер Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кармалышы боюнча тараткан билдирүүсүнө байланышкан суроо узатышты.
Жактоочу: "Ширин Айтматованын бул жерде кандай тиешеси бар?" деди. Журналисттер шектелип жаткан жаран Ширин Айтматованын күйөөсү экенин айтканда, Жанара Аскар кызы маалымат жыйындын токторун жарыялады.
"Мен маалымат жыйынды токтотом. Анткени Ширин Айтматова менен жеке тааныштыгым бар. Шектүү анын күйөөсү экенин билген эмесмин", - деди ал. Жактоочу журналисттердин Ширин Айтматова менен жеке тааныштыгы болгону үчүн эми Кытай жаранына жактоочулук кылбайсызбы деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.
Жактоочу: “Шектүү Ширин Айтматованын күйөөсү экенин билген эмесмин, маалымат жыйынды токтотом“


Силердин диний фанаттардын, исламчыл, арабчылдардын ою, тушунугу гейден, гейттен башка созунор жокпу. Азыркы коркунуч, бийликтин акмакчылык иши, Сороонбайдын жургузуп жаткан эки жуздуу, адилетсиз иши болуп жатат. Соке озунун жасап жаткан мындай митаайм иши эчун дагы жооп берет. Соке беспредел кылып жатат. Эл которулуп кайра беспредел менен жооп берет. Азыркы бийлик тыныраак иш кыла албай аягы, ачык оюн айткандарды жалган шылтоо менен муунтуп жок кылып жатат.