super.kg logo

Жамал Сейдакматова: "Бир арманым Болот Шамшиевдин артында окуучулары калбаганы болуп турат"

 

Атактуу режиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып жаткан Кыргыз өлкөсүнүн театр жана кино искусствосунун чебери, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзүнө жаш алып, Шамшиев тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Анын айтымында, Шамшиевдин талантын кыргыз эли толук пайдалана алган жок. Ал улуу таланттын артында шакирттери калбаганын айтып, каңырыгы түтөп турду.

"Бүгүн биз кыргыздын чыгаан, эң бийик, гений уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып жатабыз. Болот Шамшиевдин чыгармалары дүйнөнүн 48 өлкөсүндө коюлган. Шамшиевдин чыгармаларынын деңгээлиндеги чыгарма азыркы учурда тартыла элек.

Кыргыздын кереметин жараткан авторлордон кыргызда экөө болсо, анын бирөө Шамшиев болчу. Менин бир арманым Болоттун окуучулары калбаганы болуп турат. Улуу таланттын артында шакирттери калса жакшы болмок. Өзү дагы кичине арманда кетти. Анткени акыркы жылдары такыр кино тартпай калды эле. Ал жөнүндө айтсам көп сөз болот.

"Ак кемесин", "Караш карашын" ушул убакытка чейин казактар "мыкты кино" деп айтышат экен. Бул киши акылдуу, ойчул, кыргыздын асмандагы жылдызы болчу. Акыркы керээзи "Мен каза болгондо Манасты жаңыртып койгула" деген экен. Бүгүн улуу дастан анын урматына жаңырып жатат", - деди ал.






Жамал Сейдакматова: “Шамшиев кыргыздын асмандагы жылдызы эле..”

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.12.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
атын атабай эле коеюн бирок анын кино тартуусуна азыркы депутат- кино, тармагын караган чиновник жана башка кээ бир чондор бут тоскон деп кобунон угамын. Болбосо дагы коптогон шедеврлерди тартмак эле аттин... Кудайым бейишин берсин эми
24.12.2019. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу Болсун.
24.12.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Неге бизде дайыма коз откондон кийин, барктап, сыйлап, арман кылып калат?...
Болбосо канчалаган белгилуу инсандардын козу отту..
Качан болсо после пожара жан куйгузуп калышат((
Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: