super.kg logo

Бишкек шаардык кеңештин депутаты: "Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чечим чыгарган, учурда мэриянын чечимин күтүп жатабыз"

 

25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып, бирок аягына чыкпай калган. Бул маселени кароо бүгүн, 26-декабрда саат 11:00дө улантылмай болгон. Бирок белгиленген жыйын бүгүн дагы болбой, эртең 27-декабрь саат 9га калтырылды.

"Эмне үчүн бул маселе кечеңдеп, улам жылып жатат?" - деген суроого Бишкек шаардык кеңештин депутаты Асылбек Кадыралиев төмөнкүдөй жооп узатты. Анын айтымында, алар мэриянын жообун күтүп жатышат.

"Бишкек мэриясы мыйзамга ылайык өздөрүнүн эрежелери менен өз мыйзам чегинде бул маселени карап чыгышы керек экен. Мындан улам мэрияга убакыт берилди. Азыр бул маселенин узарып, чечилбей жатканы мэриянын карамагында калды. Анткени алар юридикалык, техникалык жана мыйзам жагын карап, жакшы чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатабыз.

Массалык маалымат каражаттары аркылуу эл туура эмес түшүнүп жатат окшойт. Алар бул чечилбеген маселени шаардык кеңештин депутаттары созуп жатат деп ойлоп жатышат. Бирок андай эмес. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бул маселени эчак эле чечкен. Бирок мэрия мыйзамга жараша аткаруучу бийлик болгондуктан, өзүнө тиешелүү чечимдерди чыгарышы керек. Ошого байланыштуу мэриянын жообун күтүп жатабыз", - деди ал.






Футбол борборуна жер тилке бөлүүнү караган депутаттар тыныгууга тарашты

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: