super.kg logo

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров: "Футболдук борбор куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесине шаардык кеңештин депутаттары кайдыгер карашпайт"

 

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык мэриясында футболдук борборго жер тилкесин бөлүү маселеси каралат.

Бишкек шаардык кеңеши, Бишкек шаардык мэриясы менен Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясы биргеликте меморандум түзүү боюнча протоколдук тапшырмасын берди. Документке кайсы жер тилкени киргизүү боюнча чечимдин жыйынтыгы жазылат.

Мындан улам саат 14:30га чейин тыныгуу жарыяланды. Анткени бул убакыт аралыгында мэрия менен Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясы макулдашып, сунуш пикирлерди айтышат. Мындан кийин гана жыйынтык белгилүү болот.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңештин депутаттары чогула албай жатат деген маалымат туура эмес экенин айтты. Айтымында, алар эртеден кечке чейин бул маселенин чечилип калуусу үчүн аракет жумшап жатышат жана жыйынтык жакшы жакка чечиле турганына аз убакыт калды.

"Бул маселе абдан маанилүү карала турган маселе. Бериле турган гранттык акчага шаардык кеңештин депутаттары кайдыгер карашпайт. Алар бул нерсенин чечилип калуусу үчүн аракеттерин жумшап жатышат. Чынында маселе абдан кылдат каралып жатат.

Мыйзам чегинде тапшырманы мэрияга бергенбиз, алар Футбол федерациясы менен маселени талкуулайт. Кандай меморандум түзүлөт, эмненин негизинде экенин талкуулагандан кийин гана ал протоколдук тапшырмага жазылат. Ал документке кол коюлгандан кийин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилет. Буюрса, бул маселе жакшы жакка чечилет", - деди Абиров.






Мэрияда Футболдук борборго жер тилкесин бөлүү маселеси каралды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: