super.kg logo

Баткенде миңден ашуун жаран борбордук аянттагы Жаңы жыл майрамына күбө болушту

 

31-декабрда Баткен шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатынын жанында салтанаттуу жаңы жылдык кече белгиленди. Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиргендей, борбордук аянтка миңден ашуун тургундар келген.

"Жергиликтүү жашоочулар балатынын жанынан сүрөткө түшүштү. Мындан тышкары, алар концерттик программага, оюн-зоокторго жана жергиликтүү артисттер тарабынан даярдалган жаңы жылдык жомокко күбө болушту", - дейт басма сөз кызматынан.

Иш-чарага шаар мэри Мамыржан Рахимов, шаардык кеңештин төрагасы Алмазбек Ташбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Сапары карып бара жаткан жылдагы ийгилигибиз бул - өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин биримдиги, ынтымагы болуп саналат. Кирип келген Жаңы жыл өлкөдө, анын ичинде Баткен шаарында тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун! Жаңы жылыңыздар кут болсун!", - деп куттуктады мэр Рахимов.






Баткенде Жаңы жылдык майрам фейерверк атуу менен жыйынтыкталды

Өлкөнүн жети дубанында Жаңы жыл кандай белгиленди?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: