"Баары бир биринчи алган аялыңдай болбос...". Жашы 60ка таяган алайлык блогер менен маек







Мындан саналуу жылдар мурун эле адамдар бири-бирин таанып-билүүсүнө аянтчалар дээрлик жок эле. Телеберүү, радио, гезитке чыккандардын гана иши, өнөрү, жашоосу көпчүлүккө маалым болуп, башка адамдарда андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Социалдык тармактар пайда болгону ага чейин катылып жаткан таланттар таш жарып чыккандай болду. Айрымдар көптүн көңүлүнөн орун ала алышты. Кээ бирлери жасаган иши, кээ бирлери жөн эле интрига менен таанылууда. Арасында жөнөкөй жашоо турмушту жупуну тил менен, бирок абдан түшүнүктүү сүрөттөп жазган блогер бар. Демейде блогерлер жаштардан чыкса, бүгүнкү каарман алыскы Алай районунда жашаган, жашы 60ка таяган Жаркынбай Кошбаев. SUPER.KG порталы аталган каарман менен маек курду.
- Фейсбукка 2014-жылы катталгам. Өзүм гезит, журнал, китепти көп окуган үчүн интернет бизге келгенде эле кызыгып агентке кирдим, андан кийин Одноклассники тармагына катталдым, кийин Фейсбукка өттүм. Анан постторду жаза баштадым, сүрөттөрдү коё баштадым.
Мен курактуу аксакалдар, менден улуулар, кичүүлөр деле смартфонду пайдаланууну жакшы билишпейт, айрымдар абоненттин атын сактоону билбейт, балама чалып берчи деп телефондорун сунгандар бар. Ноутбук, смартфондордун функциясын жакшы үйрөнүп кетишиме орус тилин жакшы билгеним себеп болсо керек. Биринчи жолу Орусияга агент аркылуу сүрөт жөнөтүп алып аябай сүйүнгөм, анда айылда интернет да тартпайт эле, Гүлчөгө барып жөнөтчүмүн. Кийин WhatsApp, дагы башка тармактар пайда болгондо видео, сүрөт жөнөтүү өзүнчө кубаныч эле мага. Бирок интернет жакшы болбогондуктан, айланып эле тура берчү. Айылда интернеттин тартканына 2 жылдай эле болду.
- Фейсбуктагы достор менен жолугуп, чай ичип турасыз. Бул тууралуу да ой бөлүшө кетсеңиз...
- Фейсбуктагы достор Ош шаарына, Гүлчөгө барганда же дагы башка райондорго барганда жолугуп калышат, ошондо чай ичип отуруп калабыз. Орусиядан да достор келип калса жазышат, аксакал таанышып, жолугуп, чай ичели дешет, арасында жаштар да, менден улуулар да бар. Отуруп пикир алышып, түрдүү темаларда сүйлөшүп, чай ичип чер жазып келе берем.
- Постторуңуз, тексттериңиз жөнөкөй, бирок абдан кызыктуу стилде жазылат. Кайсы кесиптин ээси болосуз?
- Фейсбуктагы постторду жазуудан мурун ыр жазып, блокнотторго сактап жүрөт элем, кийин газетага кат-кабарларым чыгып жүрдү. Бирок андагылар ылгап каалаганын чыгарып, каалаганын чыгарышпайт эле. Ошондо гезиттеги редакторлор "Стилиңиз башкача экен, жөнөкөй сөздөр менен жеткиликтүү жазат экенсиз" дешчү. Эмнеге менин постторум көп окулат дегендин жообу мындай деп ойлойм - азыр жасалмалуулук көп, элдин көбү кооз, жалган сөз, убадалардан тажап калды. Мурда телевидение, гезит, журнал дегендер 2-3 адамдын менчиктеп койгон нерсесиндей эле, саналуу адамдар, саналуу ырчылар, чабандар чыгат, калгандарына мүмкүнчүлүк жок. Азыр эми окурмандардын канчалык көп экендиги "жакты" белгисинен байкалат, кээ бирлер жазганда 20-30 "жакты" болсо, кээ бирлерге 400-500гө чейин жетет. Бул адамдар жөнөкөйлүктү сагынып, баалап калганынан кабар берет. Мен "базарга бардым, араладым", "чөп башталды", "чөмөлө кылып жатышат" деген сындуу эле постторду жазам, ошолор көп окулат.
Апам менен атам ажырашып кетип, Сопу-Коргондо мектепти бүтүргөм. Өгөй атанын колунда чоңойдум. Аскерде кызмат өтөдүм. Өзүмдүн жогорку билимим жок, 8 айлык тракторист-машинисттин курсун аяктагам. Журналистикага окусам деп ниеттенип жүргөм, бирок окуган жокмун. Советтер Союзу бузулуп кетип окумак тургай, курсакты араң тойгузган мезгил келген. Кийин райондук гезитте корректор болуп иштеп жүрдүм, кыскартуу болордо арыз жазып чыгып кеткем. Андан сырткары, совхоздо, заводдо иштегем, Үч-Төбө айылдык маданият үйүндө башчы, райондук маданият бөлүмдө методист болуп иштедим. Кийин 2 жолу музыкалык окуу жайга тапшырып өтпөй калгам, комуз, аккордеон, гитарада ойноп, ырдайм.
Советтер Союзу тарап, эл эптеп жан бага баштаганда мен сүрөт тартканды үйрөнүп, айылдарды фотоаппарат менен кыдырып кара-ак түстө сүрөт тарта баштадым. Ар бир айылды кыдырып, иштегендиктен, ар бир айылды жакшы билип калдым. 15 жыл иштедим, андан соң сүрөт тарткандар көбөйө баштаганда аны таштап, дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектене баштадым.
- Учурда социалдык тармактар аркылуу акча тапкандар көбөйдү. Сиздин оюңузга Инстаграм же башка интернет баракчалар аркылуу акча табуу келген жокпу?
- Социалдык тармактар аркылуу акча тапкандар бар, сен да ошондой кылсаң болот дешкен. Ютубда бир канал ачып койдум. Ютубдан акча табуу үчүн ага видео роликтерди бат-баттан жүктөп туруш керек экен. Бул боюнча интернеттен окуп чыксам, укмуш акча төлөнөт дебептир. Ошого андай оюмду ишке ашырган жокмун. Бирок жарыя, кулактандырууларды чыгарып бериңиз баракчаңызга деп сурангандардын өтүнүчүн аткарып коём. Кыскасы акча таппайм, тескерисинче ал үчүн жумасына 95 сомдон интернетке акча төлөйм.
- Мындан 2-3 жыл мурун өмүрлүк жубайыңызга кол чатыр кармап турган сүрөтүңүз элдин көңүлүн бурган. Сүрөттү ким тарткан, кимдин идеясы болгон?
- Бир аткаминерге жанындагылар кол чатыр кармап турган сүрөт аябай талкуу болуп, эл сындап жатышкан. Ошону окуп жүргөм. Ошол күндөрдө аялым уй сааганы камынып жатты, жаан жаап жаткан эле. Ошол талкуу болуп жаткан сүрөткө тамаша иретинде кызыма "тарт" дедим, ал 2-3 тараптан тартып берди. Бирин жактырып, "аялым да министрден кем эмес" деп чыгарып койдум. 2 аптанын ичинде 64 миң "жакты" белгисин алды. Бул сүрөт абдан деталдарга бай эле, тоо, уй, торпок, мал сарайдын дубалы, аялым этек тагынып, уй саап жатат. Абдан көп комментарий жазылып, алкагандар көбөйдү. Украина, Орусия, Өзбекстан, Казакстандагы интернет желелеринде да бир жылдай айланды. Казактар азамат жигит деп ыр чыгарышкан. Калпак эмес тебетей кийип тургандыктан кыргыз экенибиз дароо билинбей калса керек. Кийинки басылган лайктарды эсептебей калдым, журнал, гезиттерге чыгарышты, чет өлкөлүк дагы бир журналга чыккан. Мындан тышкары, телеберүүлөрдөн да көрсөтүшкөн эле.
- Башыңыздан оор жоготууну өткөрдүңүз. 3-4 жыл мурун жубайыңыздын көзү өттү эле. Мындай учурда адам өзүн кантип колго алуусу керек экен?
- Мен үйлөнгөндөн бир айдан кийин апам каза болуп калды. Аялым оорукчан эле, талмасы кармап калчу. Оорусу күчөп көзү өтүп кетти. Ал каза болгондо мен депрессияга түшүп кеттим, кыздарым келип үйдү жыйнап, тазалап кетсе да өзүмдү жаман сезип жаттым. Кээде өзүмдү жоготуп да жүргөн күндөрүм болду, үйгө кирип эмнеге киргенимди унутуп калган, үйдөгү электр жабдууларын иштетип коюп, Ош шаарына чейин кетип калган күндөр болду. Кайда эмне үчүн баратканыңды да унутуп калган учурлар болот экен. Бул башыңдын баарын бир ой ээлеп алгандан болсо керек. Мени бул оор абалдан намаз окуганым, динден кабарымдын болгону чыгарып кетти деп ойлойм. Себеби мендей болуп жубайын жоготкондордун арасында ичкиликке берилип кеткендер бар экенин билем. Өзүм 12 жылдан бери намаз окуйм.
Жубайым менен 34 жыл чогуу жашадык, өзү оорукчан болгону менен ден соолугу жакшы учурларда жакшы жашадык. Өзү ушак сүйлөбөгөн, таза аял эле. Аты Туйгун. Ушундай жөлөгүңдөн ажырасаң чоң сокку экен. Беш кызыбыз бар.
- Билишимче жалгыз жашайсыз, демейде мырзалар көп убакытка жалгыз жашабай, кайра үйлөнүшөт. Сиз интернет деген шериктен улам жалгыздыкты сезбей калып жаткан жоксузбу?
- Жаш убагыңда оюн-күлкүгө алаксып, ага тойбой аткан учур. Ошол кезде бир кызга үйлөнүп алсаң анын жакшы жаманына көнүү оңой болот. Мен болсо жашым өтүп, акылым токтолуп калган кез. Биздин куракта башка аял алып жашоо кыйын нерсе экен, бирөөгө мен жакпасам, дагы бирөө мага жакпайт. Кээде жаш курактарыбыз дал келбей калат, бирөө менен аябай сүйлөшүп көрдүм деп айта албайм, бир жолугуп чай ичип отурганда эле ылайык келбешибизди түшүнөм. Көбү сен интернетке алаксып, жалгыз жүрөсүң дешет. Мен интернет жокто деле китеп окуп жата берчүмүн, азыр да окуйм, шаарга барган сайын сөзсүз китеп сатып алам. Туш келди үйлөнүп алуу да туура эмес. Бир таанышым алты-жети аял алган, ошол "Баары бир биринчи аялдай болбойт экен" деп айтып жүрөт. Бул көнө албагандык да. Ошондой аялдары каза болуп калгандар кайра бир нече жолу үйлөнүшкөн, болбосо алар деле жубайларынын көзү өткөнгө чейин 30-40 жыл чогуу жашагандар. Ошон үчүн үй-бүлөсү түгөлдөр бул баалуулукту баркташ керек.
- Сизди көчөдө, шаарда жүргөндө блогер катары таанып калышабы?
- Мени тааныгандар көп, башка райондорго же Ош шаарына барганда таанып учурашышат. Кээде унчукпай өтүп кетишет да жеке куржунума сизди көрдүм деп жазышат. Бир жолу Ысык-Көлгө барганда бир баладан сүрөткө тартып койчу десем "Фейсбуккабы?" деп сурап калды. Сен кайдан билесиң десем "Сизди баары тааныйт" дейт. Мындай учурлар көп эле болот. Аялымдын көзү тирүү кезинде анын бийлегенин, чогуу ырдаганыбызды, өзүн сүрөткө тартып кызыктуу постторду жазып, чыгарып коёт элем. Кээ бир эркектер аялдары тууралуу такыр жазышпайт. Алар интернет аркылуу кимдир бирөө менен жакшы сүйлөшсө, ошолордон оолактатып жазышпайбы деп коём. Аялым экөөбүздүн ырдаганыбызга, аялымдын бийлегенине негизинен жакшы пикирлер жазылчу. Жаман оюн жазгандар да бар, алардан кутулса болот, негизи эле жашоодо негативдүү ойлорду азайтуу керек.
Жаркынбай Кошбаев жана жубайынын чогуу ырдаганы
Жаркынбай Кошбаев гитарада ойноп ырдады
Жаркынбай Кошбаев аккордеон чертип ырдоодо
Алыскы Алайдан ар тараптуу пост жазган 60 жаштагы блогердин маеги










1 |