"Галстугуңар жок" деген облус башчысы сынга алынууда. Бул боюнча өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү "Туура эле айтылган сын" дейт
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин “галстугуңар жок” деп сындаган видеосу социалдык тармактарга тараган.
Анда окуу жайдын имараты менен таанышууга барган облус башчы мугалимдер менен жолугуп жатып, мугалимдер окуу жайда студенттерге үлгү болуп жүрүш керектигин белгилеген.
“Адам биринчи өзүнөн башташ керек. Мен бардык мугалимдер менен учураштым. Бирөөсүндө да галстук жок. Ошол үчүн сурап жатам. “Азыр ишпи?” деп сурасам, силер иш деп жатасыңар. А эмне үчүн “галстуксуз жүрөсүңөр? Мына директоруңар костюм-шым, галстук менен эле жүрөт. Силер студенттерге үлгү көрсөтөсүңөр”, - деген Мадумаров.
Буга карата мугалимдер дайыма галстук кийип келишерин, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу костюм-шымы жок келгенин айтышкан.
Видео интернет желесине тарап, Мадумаровдун айтканын сынга ала башташты. Буга чейин айтылып келгендей эле интернетте мугалимдердин аз маянасы жөнүндө сөз болуп, "галстук тагынгандан иштин жыйынтыгы өзгөрөбү?" деген суроолор жазылды.
Баткен облустук администрациясынын маалымат катчысы Чолпон Бердигуловага байланышканыбызда, төмөндөгүдөй комментарий берди:
“Анда бир гана мугалимдерге карата эмес, башка дагы талаптар айтылган. Мисалы, губернатор окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдаш керек экендигин дагы айткан. Мугалимдердин кийими боюнча биз туура эле айтылган сын деп ойлойбуз. Ал жер билим берүү уясы, студенттер бир гана билим эмес, коомдо өзүн кандай алып жүрүш керектиги боюнча дагы тарбия алат. Ал эми мугалимдер коомдун күзгүсү. Аларды көрүп студенттер, окучуулар үлгү алат. Жалпы эле мамлекеттик кызматта иштегендер бир гана ишин эмес, өзүнүн сырткы көрүнүшүн дагы карап жүрүш керек. Аларга карап билим алып жаткандардын көз-карашы өзгөрөт. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айткандарын ал жактагы мугалимдер туура эле кабыл алып, аткарабыз дешкен экен”, - дейт маалымат катчы.
Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сынга алды
Облус башчысы мугалимдерди “галстугуңар жок” деп талкууга калды

Ошол сын башына тушмойунчо олбойсун деген соз бар. Сага Ыйман каалайм!