super.kg logo

Министрдин орун басары: "Реанимациялык аппараттардын так санын билбейм" (видео)

 

Бүгүн, 18-мартта өкмөт үйүндө Кыргыз өлкөсүндө катталган коронавирус боюнча маалымат жыйын өттү. Соңку сааттардагы абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат берип, кырдаал туруктуу, чочулоого себеп жок деп билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы мекеме өкүлүнө өлкөдөгү реанимациялык аппараттардын так санын сурап, суроо узатты. Ал суроого так жооп бере алган жок.

"Бүгүнкү күндө реанимациялык аппараттардын так санын айта албайм. Өзүм жеке алдын алуу иштерин алып барып жатам. Мага жеткен маалыматтар боюнча жетиштүү аппарат бар. Бирок оору көбөйүп кетсе, албетте, аппараттар керек болот.

Ошондуктан биз Бүткүл дүйнөлүк банкка кайрылсак, алар 8 миллион доллар жардам беребиз дешти. Албетте, бул аз акча эмес. Аларга дагы 200гө жакын аппарат алып берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз, алар макул болушкан. Бул келишим документине эртең, бүгүн кол коюлмак, ага кол коюлса, биз аппараттарды алабыз", - деп жооп берди ал.






Министрдин орун басары: “Реанимациялык аппараттардын так санын билбейм”

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.03.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Билбесен на **й иштеп журосун урматтуу министирдин оорун басары ?
Ошол дуйнолук банк которгон акчадан бир нерсе коруп калалы деп атасынарбы же.
18.03.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айылдагы скорыйларга эмне медисиналык кийим бербейсинер? Райондордо температура болсода ичи отсода скорыйичакырат алар маска жок эле барышып жатат оз жанын тобокелге салып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: