Нарындагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду
Нарындын Кочкор районундагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Муну Нарын ОИИБинен билдиришти. 25-августта район аймагындагы "Чоң-Туз" кенинде бир фирманын мурунку жана азыркы жетекчилеринин тарапташтарынын ортосунда жаңжал болгон эле. Экс-директор 200дөй адам чогултуп, азыркы жетекчилик менен сүйлөшүү үчүн шахтага барышыптыр. Окуядан бир милиция кызматкери жабыркады, анын бетине таш тийди. Учурда ооруканада жатат. Окуянын чоо-жайы учурда иликтенүүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:43
2026-11-09
14:31
2026-11-09
11:41
2026-11-09
11:14
2026-11-09
22:01
2026-11-08
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















