super.kg logo

"Коронавирус аныкталган жарандар умра зыяратынан келген соң ажы той беришкен. Шариятта мындай той каралганбы?". Муфтияттан жооп

 

Кечээ, 18-мартта эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө 3 жарандан коронавирус катталганын маалымдаган болчу. Анда Сауд Арабиядан умра сапарынан келгендерн аталган илдетти жуктуруп алышканы айтылган. Көп өтпөй умрадан келгендердин бири элге ажы той бергени жазылган. Кеп ал адамдын көпчүлүк менен болгон байланышы жөнүндө болду. Бирок бул арада ажы той берүүнүн зарылчылыгы барбы же жокпу, умра менен ажылык сапардын айырмачылыгы кандай деген суроонун тегерегинде талкуулар болуп жатты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгына барып, ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаевден жооп алды. Абдылдаев адегенде ажылык сапар менен умранын айырмачылыгына токтолду.


"Исламда беш парз болсо, анын бири - ажылык. Кудурети жеткен адам бул амалды аткарууга милдеттүү болуп эсептелинет. Ал эми умра амалы ажылыктын убактысынан башка мөөнөттө деле аткарыла бере турган амал, умраны жылдын каалаган айында барып аткара берсе болот",
- деди ал.

Андан кийин Абдылдаев сыйынуу процедураларындагы айырмачылыктарга да токтолду. Ал эми ажы тойлорду өткөрүү шариятта кандай каралат деген суроого төмөндөгүдөй жооп узатты.

"Мен жогоруда айткандай эле ажылык - парз амал, умра сүннөт амал, анан ал жакка баргандан кийин толтура белек-бечкектерди алып келүүнү адат кылып алгандар бар. Бул көрүнүш туура эмес. Анан келип алып той өткөрүп, белектерди таратып, аны алгандар мага тигиндей белек берди, мага жакшы эмес белек болуп калды деген көрүнүштү жаратканы шариятка туура келбейт. Бул ысырапчылык болуп эсептелинет. Ар бир адам бул сапардан келгенден кийин кадимки бир парзды аткарып келгендей эле жөнөкөй жүрүүсү керек.

Болгону зам-зам суу менен курманы алса болот, мунун чыгымы көп эмес. Жакын адамдары ал менен учурашууга келсе суу менен курманы берүү жетиштүү. "Мен сапардан келдим" деп жарыя салып, эл чакыруу туура эмес", - деди Абдылдаев.

Сөзүнүн соңунда коронавируска кабылган 3 сузактык тургун жана алар менен чогуу умрадан келгендер өз алдынча, менчик туристтик фирмалар менен келишим түзүп кетишкенин кошумчалады. Муфтият бул жылы биринчи жолу умра сапарын уюштурганын, алар жөнөткөн жарандардын арасында сөз болуп жаткан авиа каттамда келгендер жок.

Толугураак жоопторду видеодон уксаңыз болот.






"Шариятта ажы той кандай каралат?". Муфтият жооп берет

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
19.03.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ысырапчылык,копкончулук баары кошулуп кетти ушу умрага. Илгери адамдар жоо барып келчи экен. Келбей калгандар толтура болгон экен. Азыр учака учуп барып келет,анан ал жактан селфиси бутпойт кимиси болсо да пиар кылып жиберет. Келип алып той да кылып жибергендер бар экен. Эми айла жоксоз да жок силерге
SUPER.KG видео
19.03.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып келген белектерин бир керегине жараткан адамга беришсечи,кытай ,кореецтерге кошомат кылып беришкенде куйосун да.Алар же ага конул болуп да коюшпайт,ошондон коро жонокой кыргызга берсе тушунмок ыраазы болуп...
19.03.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин угушума караганда биздин кыргыздар ушинтип той берип ысырап кылса керек,озбектер ажыга барып келгенин кошунасы деле билбей калат дешет ?
19.03.2020. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жылына бир миллиарда ашык акча сарпталат экен ошого жакшылап бир чооон заманбап оорукана салсак болмок, ажынар сразу кабыл болмок.
Бут кыргызстан батасын бермек кабыл болсун,сообу тийсин деп.Же муфтиятка не выгодно бу я.
SUPER.KG видео
20.03.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарият деген тушунуктун кыргыздарга эч кандай тиешеси жок туугандар. Шарият арабтардын салтуу жашоосуна тиешеси бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: