super.kg logo

"Камалып кетсем, үй-бүлөмө жардам берип койгула". Блогер Сыдыман окуя кандай болгонун жана азыркы абалын айтып берди (видео)

 

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун учурда соттук иши өтүүдө. Анын айтымына караганда, жакынкы күндөрү чечим чыгат. Мындан улам ал SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун, учурда эмне болуп жатканын айтып берди.

"Мен видеодо болгону менин энеме, карындашыма асылып, жаман сөз жазгандарга гана жооп бергем. Ачык айтканда, эмоциямды башкара албай сөгүнгөм. Аны моюнга алам. Бирок мен Ош, Нарын, Талас, Бишкек деп бөлүп-жаруу оюма да келген эмес. Менин ошол билдирүүм аркылуу бирөө жарым жабыр тарткан да жок.

Ал видеону башкалар кесип алышып, коомчулукка таратып башташты. Ал тургай ырчылар дагы видеолор менен бөлүшүп башташты. Аларга жаман нерсе болуп кетпесин деп жаза баштадым. Бирок колун менен кылганды моюнун менен тарт дегендей кылышты. Мен ал учурда милициядан, мыйзамдан корккон эмесмин, коомчулуктун пикиринен, көчөгө баса албай каламбы деп коркком.

Андан кийин эле ИИМ, УКМК тарабынан үйгө чакыруулар келе баштады. Ал тургай үй-бүлөмө дагы коркутуулар болуп баштады. Анда мен Алматы шаарында жүргөм. Анан өзүм эле колго түшүп берейин дегенди ойлонуп, чек арадан өзүм эле кармалдым. Ал жерде мени ИИМдин кызматкерлери, сыртта УКМКнын кызматкерлери күтүп турушту. Ал жерде эки кызмат меники, сеники деп талашты окшойт, акыры Октябрь РИИБинин кызматкерлери мени алып кетишти. Буга чейин УКМКнын кызматкерлери келесиң, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кечирим сурап, балким, айып төлөп кетесин дегендей кылышкан. Бирок мени ИИМдин кызматкерлери 313-беренени коюп, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Анан эле баш коргоо чарам каралып, эки айга камалдым. Мамлекеттик жактоочу эч кандай жардам берген жок. Өзүм дагы бул эки-үч күндүк окуя, баары ордуна келет, кайра Алматыга кетем деп ойлодум. Ал тургай үй-бүлөдөгү ызы-чуу да токтойт деген үмүттө болдум. Анан эле камалдым. Же эч нерсе билбейм же эч нерсем жок. Анан энем чуркап, кайрылуу жасап, өлкө башчыбызга дагы кайрылды. Ошол адамдын жардамы тийдиби билбейм мен үй камагына чыктым. Ошондо эми баары бүттү деп ойлосом, көрсө сот деген нерсе бар турбайбы. Мен мыйзам, сот деген нерсе боюнча түшүнүгүм жок болчу.

Учурда соттук отурум өтүүдө. Тактап айтканда, кооптуу боло баштады. Менин видеомдун толук вариантын сот көргөн жок. Башында менин сөздөрүмө жасалган лингвистикалык экспертиза мени күнөөлүү деп таап чыкты. Ал эми кайра биз толук видеону көрүп, кайра экспертиза кылууну соттон өтүнсөк, алар канааттандыруусуз калтырды. Азыр карантинге байланыштуу досторум, мени колдойм деген адамдар сотко кире алышпай жатат. Болбосо сот ачык. Менин сотторго деле доом жок, алар деле өз ишин аткарып жатышат. Мен деле ыплас сөздөрдү айтканым үчүн күндө өкүнөм. Мен Ош облусунун тургундарын кантип жамандайм? Энем ошол жактан, досторум бар, тайкелерим ошол жактан болуп жатса, болгону мени сөккөн чектелүү гана адамдарга жооп бергем.

Азыр мамлекеттик айыптоочу мага 6 жыл сурап жатат. Мен корко баштадым. Себеби үй-бүлөмө жардам берип, каралашкан менден башка адам жок. Эми гана чоңоюп келе жатканда ушундай иш болуп, камалып кетсем кандай болот деген ойлор мени жеп жатат. Үйдө апам кан басымы көтөрүлүп, ооруп жатат. Ар бир сотто ар кайсыны уга берип, ооруп калды. Бөбөктөрүм дагы мени эмне болуп кетет деп ойлонуп отурушат. Менин жашоо шартым оор эле. Аны деле көргөзөм. Азыр жактоочуга ар кимден карыздап акча таап, берип жатабыз. Мага жардам берген эч ким жок. А мен аларга эмнемди берем. Бардыгын өзүбүз кылып келе жатабыз. Балким, бул менин акыркы кайрылуумдур. Камалып кетсем, үй-бүлөмө жардам берип койгула. Кийинки отурумда сот чечим чыгарса, балким, соттолуп кететтирмин. Азыр адилеттүүлүккө гана ишенип отурам. Мен сөгүнгөнүмдү гана моюнума алгам. Инстаграмдагы кыйын болгон бала бул менин образым гана. Тилим менен кылганымды моюнга алам, азыр дагы адилеттүү чечим күтөм.

Ошондуктан, башка дагы блогерлер ар бир сөзүңөрдү ойлонуп сүйлөгүлө. Мен ушундай берене бар экенин билсем, Оштун "Осун" дагы сүйлөбөйт болчумун", - деп билдирет блогер.

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган. Ал эми 28-февралда үй камагына чыгып, учурда соттук иши Октябрь райондук сотунда өтүүдө.






Сыдыман: “Эгер ушундай берене бар экенин билсем, Оштун “О"сун айтпайт болчумун"

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(17)
03.06.2020. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Эми эркиндике чыксаң, башка эле жумуш кыл алдыгы жасаган жумушуң эч кимге жакпайт ачыгы,кызтекеленип инстаграмда отурганың, же 180°ка өзгөр.
03.06.2020. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Milduri,элдин наазары да тийет,ар кыздарды прямойго чыгып шылдындасан акыры ушундай мн буттот.
03.06.2020. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Chichkak.
03.06.2020. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Ушундайсынар да анан,суйлогондо тим эле асманда элен,эми мынтип адамдын боорун оорутасынар...
03.06.2020. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Башка кылмышкерлерди кыйратпай, ушундай адамды өздөрүнчө кармашып кыйын болуп жатышабы? Бул болгону тили менен бүтүрө турган адамдайго. Штраф төлөтүп эле койсо болмок.
03.06.2020. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Nuri1988Elim2010, Туура кошулам биздин соттор ушундайларга анан телефон уурдагандарга гана кучу жетет...
03.06.2020. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Согунсон эч ким эч нерсе дебейт элди экиге болгонун учун.Бирикпегенибиз учун башка улуттар каалаганын кылып атышат ырыс алды ынтымак деген жомоктойбуз бири бирибизге кыйынбыз
03.06.2020. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Атамбаев мал десе ага да таарынасынар,бул айтса буга да таарынып.Качанга чейин ар бир чындыкты айткан адамды камай бересиңер . Өзүңөр биринчи онолгула,анан эчким сүйлөбөй калат!
03.06.2020. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Сен ачык эле айткансың өнүгө элексиңер деп.ойлонуп сүйлөш керек болчу.
03.06.2020. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uli0404,онугуп кеттикпи эми
SUPER.KG видео
03.06.2020. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерээк акылына киргениңде мындай нерселер болмок эмес.
03.06.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Туура сөз тууганына жакпайт....
03.06.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Туура,ката кылган. Ким катачылык кетирбейт?! Көрсөтүп жеп ичип чычкандар жазаланьайт,анан бир эки ооз ката сүйлөп койгон адамды 6 жылга соттоп жатат... адилеттүүлүк жок бизде ...
03.06.2020. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Сени инстаграммдан коргондо, суйлогонундо бир шишканын баласы деп ойлого,ахвалына карап суйлобойсунбу, оа жаштык калдын, бирок ото катуу согунгонсун, болунгонсун, ака мака деп мазактагансын, апан деле туштуктон экен, алды артыны карасан болмок, блогер бодгуча кочого чыгып тачка тартсан да адал иштеп уй було бакмаксын, жазаны ал Эми, сотолсун, анан болунгондорго сабак болсун
SUPER.KG видео
03.06.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернеттен суйлоп комент жазгандарды камап, жазасын бергенди эле билет биздин сот, прокурор, милицияларыбыз. Калган ичип жеп, ууру, убийцалар жон эле чыгып кетишет. Карапайымдарга эле алдары жетет
03.06.2020. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Онуго элекпиз чындыгында
03.06.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6








































































1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: