super.kg logo

Мугалим, акын, тегирменчи, ишкер, депутат... Илдеттин айынан дүйнө салган Чыныбай Турсунбековдун өмүр баяны

 

Кечээ, 6-июлда Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков пневмониядан каза болду. Андан бир күн мурда анын илдетке кабылгандыгы жана абалы оор экендиги айтылган эле. Бирок бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси төгүнгө чыгарып, абалы туруктуу экендигин билдирген.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1985-1988-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1988-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, филология илимдеринин кандидаты наамын алган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган.

1989-1992-жылдары – КУМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары;

1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү;

1995-1997-жылдары – Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы ТИКАнын Кыргызстан боюнча адиси; “Манас-1000” мамлекеттик комитетинин алдындагы “Манас дастаны” филиалынын директору; Түркия боюнча “Азаттык” радиосунун кабарчысы.

1997-жылдан 2010-жылга чейин:
- “Акун” ЖАКтын башкы директору;
- “Бишкек ун комбинаты” ААКнын башкы директору;
- «Кереге» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы;
- Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти;
- Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы.

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын жетекчиси;

2016-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Алган сыйлыктары:
• 1999-жылы “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын жеңип алган;
• 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
• 2003-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Кошумча маалымат:
• Филология илимдеринин кандидаты;
• Пицундада өткөн (1989) Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер Союздарынын мүчөсү.
• Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги.
• «Жүрөктөгү жаңырык» (1985), «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору.
• «Манас» эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу.
• Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын жана, «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» аттуу эки томдукту которгон.
• Мезгилдүү басма сөздө ар түрдүү адабий жана сын макалалары жарык көргөн.






Илдеттин айынан дүйнө салган экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун эмгек жолу

Автор: Гулзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
07.07.2020. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун
07.07.2020. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эххх.. арман. Атамдын досу Чике аяш атамды да шум ажал алып тынды акыры. Арты кайрылуу, жаткан жери жайлуу, барган жери бейиштин бакчаларынан болсун. Аяш ата жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун. Сабыр кылгыла аяш апа...
07.07.2020. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олум келсе жаш каары,бай кедей дебей алып кеттетгоо,адамзат олбочудой тытынабыз,жаткан жери жайлууу,топурагы торкоо болсун оомин
07.07.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында мындай билимдуу,чыгармачыл адам экенин билбептирмин,бизнесмен катары корчумун...азыркы сабатсыз Дастакемдердин бир кыйла ойдо турчу экен...
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Жакындарына сабыр берсин!
07.07.2020. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улам бул оору ак үйгө жетсин деп атышып ак уйдогулоду да өмүрүн ала баштады . Эх кыргыз элим туура жакшы тилек кылалычы
07.07.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун. олгон адамдын баарын эле вирустан деп жататко
07.07.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсимде гимнди созолонтуп аткарып берген. Башкалар очуп очуп калган 3-4 саптан кийин. Абдан ыраазы болдум эле. ЖКнын депутатарынын ичинен эн билимдуу, маданияттуусу эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: