super.kg logo

"Эл көйгөйүн ким чечет?". 10 жылдап үйүнө документ ала албаган конуш жашоочулары мэрге кайрылышты

 
Бишкек шаарынын жака-белинде жалпы 47 калктуу конуш жайгашкан. Ал жакта жашагандардын көбүндө жер тилкесинин документи боюнча көйгөйлөр бар. Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев жаңы конуштун тургундары менен жолугуп, документи жок жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин талкуулаганы маалымдалган.

КАДЫРЫ ЖОК "К"лар

Жаңы конуштарда 10 жылдан ашуун убакыт жашап, бирок жер тилкесин мыйзамдаштыра албай жүргөндөр аз эмес. Алардын арасында Калыс-Ордо конушунун тургундары да бар. Конуштун 500гө жакын түтүн үйдүн жер тилкесине берилген токтомдо, жер тилке номурунда "К" деген тамга кошулган. Мындай тамгалуу жер тилкелерин ошол маалда иштеп турган көчө башчыларынан 1 миң доллардан 4 миң долларга чейин сатып алгандар болгон. Көчө башчылары жер тилкесине болгон жеке менчик укуктарын бекемдеген документтер кийин чыгарын убада беришкен. Бирок убадалар аткарыла элек.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына ушул күнгө чейин үйлөрүнө кызыл китеп ала албай жүргөн Калыс-Ордо конушунун тургундары билдиришти. 10 жылдан ашык убакыттан бери жер тилкесинин номериндеги "К" деген тамганы алдыра албай тызылдаган жашоочулар "Бишкек башкы архитектурасына" барса, аларды кайра шаар мэриясынын Жер пайдалануу башкармалыгына жөнөтүшөт, ал жакка барса, акимчиликке жиберет. Акимчилик кайра мэрияга жөнөтүп, айланкөчөк болуп жүрүшкөнүн айтышты.

БИРОК ШАЙЛООДО УНУТУЛБАЙТ...

Тургундарды нааразы кылганы сууга, электр жарыгына жана таштандыга кадимкидей акча төлөп келишет. Ошондой эле шайлоо маалында ушул турган жерлери боюнча добуш беришет. Бирок кызыл китеп алаарга келгенде эле алардын жер тилкелери мыйзамсыз болуп чыга келет. Айта кетүүчү нерсе, "К"ларга токтом, үйдүн чечими, домовой книжка берилген. Бирок кызыл китеп ар кандай шылтоолор менен берилбей келет.

Жашоочулар бул маселени чечүү үчүн барбаган жери, какпаган эшиктери калбаганын айтат. Айрымдары маселесин сот аркылуу чечүүгө да аракет кылышкан. Бул маселени депутаттарга да жеткиришкен. Анткени бул иште кээ бир жетекчилер тарабынан коррупциялык элементтер орун алганын жашоочулар белгилеп өтүштү.

Бул боюнча мэрия тарабынан үй салынган жер тилкелеринин схемасын инвентаризациялап жатканы тууралуу көп жылдан бери айтылып келет. А бирок ал процесс канчага чейин созулары белгисиз.

Буга байланыштуу конуштун тургундары 6-декабрда кайрадан жыйналыш өткөрүп, маселе чечилбесе мэриянын алдына митингге чыгууга даяр болуп калышканын эскертишти. Толугу менен видеодон көрө аласыздар.






“Эл көйгөйүн ким чечет?

Автор: Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Бактыгүл Султаналиева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.12.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Басмачылар, убагында бекер басып алып эми мыйзамдаштыралбай жүрүшөт. Ошондуктан бекер акчага кызыкпаш керек.
07.12.2020. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janym_balam,туура айтасын азыр ким кыйкырса эле митингчи саясатчы болуп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: