super.kg logo

Орусияга билет баасынын кымбаттыгынын себеби айтылды

 

Кыргыз өлкөсү Орусияга учууга билеттердин баасын төмөндөтүү үчүн аталган өлкөдөн туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү суранган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев маалымат жыйын берип жаткан учурда айтты.

"Учурда Орусияга аптасына эки каттам каттайт. Бишкектен Москвага учууларды жума күндөрү “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авикомпаниялары тейлеп жатат. Калган 80ге жакын рейс чартердик рейстер. Учурда Орусия биздин өлкөгө үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлүүсү тууралуу маселени чечип жатышат. Бул ишке ашаары менен, баа саясаты жөнгө салынат", - деди Шаршеев.

Баалар жөнүндө сураганда, ал авиакомпаниялардагы бааларга агенттик киришге албай турганын белгиледи.

"Авиакомпаниялар пандемия учурунда келтирилген чыгымдарды жабуу үчүн ушул чараларды көрүүгө аргасыз болуп жатат. Жалпы эле билеттердин бааларын Жарандык авиация агенттиги эмес, авиакомпаниялар өздөрү бекитет", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Орусияга уча турган болсоңуз, сизде паспорт жана COVID-19 оорусунун жоктугу жөнүндө маалымкат болушу керек.


кошулду





Орусияга билет баасынын кымбаттыгынын себеби айтылды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
18.01.2021. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Основание деген кагазынарды жоготкула,элдин канын соруп жатасынар
18.01.2021. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эсин барда этегинди жый дейт Элди кыйнабагыла Копкон копостор Бир званок менен жонго салса болот
SUPER.KG видео
19.01.2021. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарга кыргыз авиасын жалоб кылып,основание сурайсыздарбы деп нагло эле айтыш кк.Бул нерсени президент чече албаса Орустун президенттине созсуз жетет,бир звонок мн туйуп берет же чечип берет.Ана алган акчалары тешип чыгат
19.01.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пандемиядагы чыгымдарды элдин эсебинен жабыш керекпи ?
19.01.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Авиакомпаниялар пандемияда алган билеттердин баасын кайтарып беришкен жок,анан кандай чыгымга учурады алар
Основанияны Россия сурабайт экен го эмнеге КР сатып атат элди алдап, ылайым тешип чыксын ошо основанияга деп алган акчанар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: