"Сабак окугандан балам эмес мен качып калдым". Депутат Кодуранова онлайн окутуу режими качан бүтөрүн сурады
Бүгүн. 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Асел Кодуранова онлайн окутуу режими качан бүтөрүн сурады.
"Онлайн окутуу качан бүтөт? Ата-энелер сурап жатышат. Бизге кыйын эле болуп жатат. Мен балам менен бир сабакты 2-3 саат окуйбуз. Өзүм окуп, түшүнүп, ага түшүндүрүп, андан кийин баламан сурайм. Мугалимдер тапшырма берип жатканда балдарга мектепте окугандай эле берет. Жок дегенде жарым тапшырмасын берсин да. Байкуш балдарыбыз сабак окуйбуз дегенде үйдө уруш-талаш болуп жатат. Сабак окугандан балам эмес мен качып калдым", - деди депутат.
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев: "Бул курч маселе болуп турат. 2-3-чейректе мектептерди кадимки окутууга өткөрүү боюнча бирдиктүү иштер алып барылды. Бүгүнкү кундө алгоритм боюнча кээ бир мектептер ачыла элек. Абал туруктуу болсо 2 жуманын ичинде толук, кадимки окутууга өтөт деп күтүп жатабыз. Кыргыз мамлекети онлайн окутууга өткөн өлкөлөрдүн катарына кирди. Тапшырманы азайталы десек программадан артта калабыз", - деп жооп берди.
Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралды



1 |