Алайда асынып алган келин 9 ай мурун турмушка чыккан. Ал мектепте мугалим болчу
Буга чейин 7-февраль күнү Ош облусунун Алай районунда 25 жаштагы келин үйүнүн короосунда асынган абалда табылган.
Келиндин күйөөсү Ош ОИИБинин күзөт кызматында иштейт. Алар 2020-жылдын июнь айында баш кошушкан. Ал эми жубайлардын ортосунда балдары жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинен билдиришти.
"Асынган абалда табылган келиндин жолдошу бизде күзөт кызматында эмгектенсе, өзү айылдагы мектепте математика сабагынан сабак берчү. Учурда тергөө иштери уланууда. Азырынча жаңы жагдайлар жок. Келиндин өлүмүнө байланыштуу версиялар такталып жатат, ал үйдөн кимдир бирөөгө таарынганы же урушуп кеткени тууралуу маалыматтар жок", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.
Белгилей кетсек, маркумдун жансыз денесине Алай райондук ооруканасында кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Сузакта 3 баласы менен дайынсыз болуп жаткан келин табылды



1 |