super.kg logo

Улукбек Мариповдун ачуусун келтирген Аравандагы таштанды тазаланды. Канча күндө? (фото)

 

Ош облусунун Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндөгү премьер-министр Улукбек Мариповдун ачуусун келтирген таштандылар тазаланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун акими Курманбек Айтибаев билдирди.

Аким таштандылар премьер-министр келип кеткен күнү дароо тазаланганын айтты. Ошондой эле айылдын жашоочулары менен чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады. "Бул жерде көп кабаттуу үйлөр жайгашкан. Элди чогултуп, ар бирибиз тазалыкты сактайлы деп айттык. Марипов келип кеткенден кийин жамгырга карабай, түнү менен таштандыны тазаладык", - деди ал.

Араван районунун "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Караев айылдын тургундары менен келишим түзүлгөнүн айтты. Ага ылайык, мындан ары жашоочулар ар ай сайын акча төлөп турат, ал эми ишкана таштандыларды тазалайт. Ошондой эле Караев аймакка таштанды үчүн урналарды орноштурууну жана ал жайды тосууну пландап жатышканын кошумчалады.

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Араван районуна да барып, калктын турмушу менен таанышкан. Андан кийин жергиликтүү жашоочу өкмөт башчыга таштанды маселесин айтып, жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай жаткандыгын айткан. Улукбек Марипов бул көйгөйгө жеке өзү ынанып, иш-аракетсиздиги үчүн район акимине сөгүш жарыялаган.






"Мобул мусордун жатканы бул жердин акими менен айыл өкмөтүнүн бетин кызартыш керек!"

Бишкекте аскерде кызмат өтөп жаткан 12 жоокер кургак учук жугузуп алды

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаритпаптир
15.03.2021. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тазалаганы ушул болсо
15.03.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдаш керек премьерди кошуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: