super.kg logo

Өмүрбек Суваналиев Баткендеги контрабанда боюнча: "Баары "шоопурдан" башталган"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар​ долбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев болду.

Ал "Баткен облусунда контрабандалык жүктөрдүн ташылып жатканына кыргыз аткаминерлеринин тиешеси бар деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?" деген суроого жооп берди.

"Контрабанда боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн баары чын. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, эң жакыр облус - бул Баткен облусу. Жадакалса таза суу маселелеринде тартыштык бар. Жөнөкөй эле түтүк чыгара турган заводду ал жакка эч ким курган жок. Бирок шайлоого келгенде депутаттыкка аттангандар миллиарддаган сомдорду коротуп жатышпайбы. Бул эмнени билдирет? Бул деген бүт баары контрабанда менен байыды дегенди түшүндүрөт.

Баары "шоопурдан" башталган. Андан ары чоң кызматтагылардын өкүл баласы, күйөө баласы болуп уланып кеткен. Алардын Баткенде 1 дагы фирмасы жок. Баары Бишкекте, сайттары, телевидениелери бар. Алар Баткенди жөн гана колдонуп келишкен жана контрабанданы ошол бойдон кармап тургусу келет", - деди Суваналиев.






Суваналиев: "Мен кайсы жерге керек болсом барып иштеп берем"

Автор: Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
25.05.2021. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтат. Контрабанданы откозбош кк. Баткенге 1 тыйынчалык пайдасы жок алардын.
25.05.2021. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажикстанды эле эмес өзбекстанды да жапсын,мына азыр дыйканчылык бышып баштабай жатып, өзүбүздүн бадыраң 2сом,3сом болуп жатат,аны да алган киши жок.Ноокен району,достук а/ө
25.05.2021. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр помидор 100 сом,аздан кийин жергиликтүү бышса 5 сом болот.Же ыйлашыңы же күлүшүңү билбейсиң
25.05.2021. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперчилер береке базарга барып, аткезчилик товарларды көзөмөл кылууга карапайым элге жардам берип койсоңор сооптун түбүндө каласыңар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: