"Суусаган бак-дарак көрсөңүз кыя өтпөңүз!". Бишкекте суу жетпеген бак-дарактар чакалап сугарылды












Бишкек шаардык мэриясы аба ырайынан ченемден тышкары ысыганынан улам шаардагы суу жетпеген бак-дарактарды сугарууга калаа тургундарын чакырган. Мэриянын бул демилгесин колдогон жарандардын саны арбын болду.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты дагы мындай чакырыкка кайдыгер карабай Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил багына барып, дарактарды сугаруу иш-чарасына катышып келди.
Урматтуу Бишкек шаарынын жана башка аймактардын тургундары, эгер сиз жолдон же болбосо көчөдөн суу жетпеген дарак көрүп калсаңыз бир чака болсо дагы суу куюп, айлана-чөйрөнү жашыл боюнча сактап калууга салым кошуңуз. Сиз бул аракетиңиз менен көптөгөн адамдарга үлгү боло аласыз. Бишкек шаардык мэриясы бак-дарактардын тамырына зыян келтирбөө үчүн аны эртең менен саат 9:00гө чейин же кечки 7:00дөн кийин сугаруу керектигин эскерткен.
Бишкекте суу жетпеген бак-дарактар чакалап суугарылды




1 |