super.kg logo

Министрлик: "Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кыз тартиптүү, алдыңкы окуучулардын бири"

 

Ош облусунун Өзгөн районунда зордукталганы аныкталган 12 жаштагы кызга психологдун жардамы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, министрликтин Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жеринде үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик шарты текшерилип, үй-бүлөлүк абалына баа берилген акт түзүлдү.

"Кыздын үй-бүлөсүнүн жашоо-шарты орто абалда, ал эми апасы үй кызматкери, атасы Казакстанда сезондук жумушта иштеп, үй-бүлөсүнө акча каражатын жөнөтүп турат. Бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлө катары жашы жете элек 3 баласына 2430 сомдон ай сайын жөлөк пул алышат. Жабырлануучу кыз билим алган мектеп кызматкерлеринин мүнөздөмөсү боюнча зордукка кабылган М.Р. тартиптүү, алдыңкы окуучулардын бири.

Учурда бул кылмыш боюнча тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми үй-бүлөнү жана жашы жете элек кызды реабилитациялоо үчүн психологдун жардамы көрсөтүлөт. Жабырлануучу кыздын укуктарын коргоо жана талаптарын камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, 23-июль күнү 12 жаштагы кыз аны дааратканада белгисиз жаран зордуктаганын айткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 12 жаштагы кыз зордукталганы аныкталган. Бул факты боюнча 24-июль күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






Министрлик: "Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кыз мектептин тартиптүү, алдыңкы окуучусу"

Автор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.07.2021. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Зордобой олгур эшек,катын албайбы ошондон Коро.
28.07.2021. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өлүм жазасын киргизсе туура болмок, айрыкча чиновниктер менен педофилдерге баары эле колдомок менимче.
29.07.2021. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салган туура эле болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: