super.kg logo

"Балдар ойнобой качышат, ал тургай алардын ата-энелери көз кыры менен карап өтүшөт". Омурткасы кыйшык өскөн Элхандын кыялы

 

Токмок шаарынын тургуну Айзат Бакиева тагдырдын оор сыноосун 12 жылдан бери уулу Элхан менен бирге тартып келет. Баланын кайгысы ата-эненин да кайгысы болот тура.

Элханга кифосколиоз же омуртка тутумунун ийилип, кыйшык өсүүсү деген диагноз коюлган. Төрөлгөндөн тартып сөөктөрү кыйшык өсүп, соңку жылдары абалы тездик менен оорлошууда. Сөөктүн туура эмес өсүүсүнүн себептери боюнча азыркы күнгө чейин бир да дарыгер так түшүндүрмө бере элек. Бирок Элхандын алдыда башка балдардай болуп ойноп, күлүп өсүүсүнө бир жол бар, ал Түркия өлкөсүндө жасалуучу операция. Оор жана 3 этаптан турган операцияга 55 миң доллар керектелет.

Айзат Бакиеванын Элхандан сырткары 4 баласы бар, ал көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө киргендиктен мындай ири суммадагы каражатты чогултууга күчү жетпей, кайрымдуу элден жардам сурайт.

Элхан 5 бир тууган, ал уулдардан жалгыз, 4 кыз бир туугандары бар. Апасы үйдө балдары жана Элхандын саламаттыгы менен алектенсе, атасы айдоочу болуп иштеп, тапканы күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги керектөөлөрдөн ашпайт. Мамлекеттен Элханга 4000 сом жөлөк пул алышат. Учурда ата-эне болгон акчаны үнөмдөп, Элхандын операциясына чогултуп жаткан чагы. Толугу менен видеодон көрүңүздөр.

Элханга жардам берүүнү кааалагандар үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 4279380683488847 - Азиз Адиллаев;
Элсом: 0703932874 - Айзат Бакиева.


кошулду





Төрөлгөндөн тартып оору менен алышкан Элхандын тарткан азабы жана кыялдары

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
26.08.2021. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым шыпаасын берсин. Колдон келген жардам болсо берели туугандар. Буйруса ойноп чуркап мектепке барасын Элхан
SUPER.KG видео
29.08.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алланын ыраазычылыгы учун жардам берели Элхан козуга, шыпаасын берип жакшы болуп кетсин!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: