super.kg logo

"Көтөрүп жүрүп окуттум". 7 айлыгында апасы таштап, чоң энеси баккан Амантурдун тагдыры

 

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Боспиек айылынын тургуну 16 жаштагы Амантур Амиракулов быйыл 9-класска барат. Өмүрү майыптар арабасына байланган өспүрүмдүн эки буту баспайт. Аны жети айлыгында апасы таштап кетип, ошондон бери чоң энеси Санабар Ниязбекованын колунда. "Неберемди көтөрүп жүрүп окуттум" деген Амантурдун чоң энеси төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Амантур улуу баламдын тун баласы. Алты айлык кезинде Бишкекте 3 жеринен операция болгон. Жети айлыгында апасы урушпай, талашпай эле таштап кетип калды. Ошондон бери менин колумда, мына басат, эми басат деп жатып 16 жашка чыгып калды. Кичинесинде ар 3 айда ооруканага жатып дарыланып турчу, кийин чоң атасы инсульт алып, ошол боюнча акча тартыштыгынан эч жакка чыга албай калдык. Тамга таанып калсын деп көтөрүп жүрүп окуттум, кийин дагы теңтуштарынан бөлө алган жокмун. Мына быйыл 9-класста окуп жатат. Атасы айылда, биздин жаныбызда. Бала чоңойгон сайын мен көтөрө албай калдым, эркек адамдын күчү керектелет, ошондон улам атасы эч жакка чыга албай келет. Ушул балам басып кетсе, эл катары окутуп, үйлөнтүп койсом деген эле тилегим. Анан азыр колдонуп жаткан арабасы мечиттен берилген, айылдын жолдорунда бат эле бузулуп калат. Электрондук майыптар арабасын телевизордон көрдүм эле, ошол болсо мектепке барып, келгени жеңил болот эле", - дейт Ниязбекова.

Амантурдун тагдырына кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү номерге байланышып, жардам берсе болот.
Байланыш номери: +996 505 361 011



кошулду





Буту баспаган Амантурдун чоң энеси: "Көтөрүп жүрүп мектепке окуттум"

Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: