super.kg logo

SUPER.KG порталы Сары-Челекте: Көлдүн сиз көрө элек жерлерин көрсөтөбүз

 

SUPER.KG порталынын саякат сапары бул ирет
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Аркыт айылындагы Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругуна багытталып, көлдүн көпчүлүк көрө элек тарабын көрсөтүп, кызыктуу материал даярдап келдик.

Корук 1959-жылы түзүлүп, 2016-жылы ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген. Сары-Челек көлү тоо башында жайгашкан кооз көлдөрдүн бири. Анын дагы бир аталышы Тоос-Көл деп айтылат.


"Чет өлкөдөн келгендер эмес, өзүбүздүкүлөр таштандыларды ар кайсы жакка таштап кетет" дейт аталган коруктун экинчи кыдырмасы Эрмек Кулманбетов. "Сары-Челек бизге ата-бабалардан мурас калган жерибиз. Демек, биз дагы келечек муунга дал ошондой өткөрүп берүүбүз зарыл. Негизинен өлкөбүздүн ичинен жана чет өлкөдөн келген туристтердин саны көп. Анан баягы эле өзүбүздүкүлөр ар кайсы жерге таштанды таштап, булгап кетишет. Ошону таштанды таштоочу жайга алып барышса деп суранат элем. Анан корукта ар түрдүү жаныбарлар көп. Биз аларга убагы менен туз таштап турабыз. Алсак илбирс, бугу, тоо эчки, кашкулак, доңуз бар", - дейт Кулманбетов.

Негизинен аталган корукта кайык менен сүзүүгө кызматкерлерден башкаларга тыюу салынат, биз керектүү материалды даярдоо үчүн кайыкка түшүп тартууга туура келди.






SUPER.KG порталы Сары-Челекте

Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: