Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын жана президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
1964-жылы 14-сентябрда Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.
Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун унаа жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген. Кийин биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы, Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.
2000-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
2005-жылдан 2007-жылга чейин экономика жана финансы министри;
2007-жылдын 7-февралынан декабрь айына чейин – финансы министри;
2007-жылдын 27-декабрында Соода жана экономикалык өнүгүү министри болуп дайындалып, 2009-жылы 20-октябрда отставкага кеткен.
2009-жылдын 22-октябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин биринчи вице-премьер-министр;
2010-жылдын 10-ноябрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты;
2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 4-сентябрына чейин каржы министри;
2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат.
Садыр Жапаровду “лампочкам” деп алкаган апа Ак Үйгө келди
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
-1

Ээйййй дакансалар... Садыр менен Камчыны колдоп журуп эми да жете элекпи? Кайра эле жегичтер бийликке келип жатканын козунор корбой, кулагынар укпай жаткандыр?!
Акылбек Жапаровду да колдойсунар да айла жок.