"Бриллиант таажы жана акчалай сыйлык". Эл аралык сулуулар сынагына кыргыздын атынан Разия Мансурова катышууда




24 жаштагы Разия Мансурова дүйнөнүн ТОП-5 сулуулар сынагынын бири болгон "Miss InterContinental" 49 - эл аралык сулуулар сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышууда. Бул тууралуу Разия Мансурова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Сынак 14-30-октябрь аралыгында Египеттин Шарм-Эш-Шейх шаарында өтөт.
"Мисс Кыргызстан" улуттук сынагынын дирекциясы Разия Мансурованын аталган сынакка катышуусун ушул жазда дирекциянын расмий баракчасында өткөн кастингдин жыйынтыгы боюнча бекиткен.
Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүсү 720 бриллианттуу "Oriental Holy Water" таажысы жана 50 миң доллар акчалай сыйлык менен сыйланат.
Эске салсак, "Miss Intercontinental" - бүткүл дүйнөлүк сулуулук уюму тарабынан 1971-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын негизги өзгөчөлүгү - катышуучуларды тандоо континенталдык негизде жүргүзүлөт.
Буга чейин, 2016-жылы Кыргыз өлкөсүнүн атынан Бегимай Карыбекова катышкан, бирок анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсү "Miss Intercontinental-2016" сынагынын алдыңкы ТОП-5ке кирбей калган.
Эми мэр, акимдерди президент дайындайт









1 |