Саздак жерлерде сууга түшүүгө болбойт. ӨКМнын эскертүүсү
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери тууралуу эскертет. Ага ылайык:Сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган жана массалык эс алууга арналбаган жайлардагы суу обьектилеринде сууга түшүүгө болбойт. Алар: көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар, дарыялар;
Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана сууга мас абалында түшүүгө болбойт;
Сууга чумкуганга, секиргенге тыюу салынат деген жазуулары бар суу обьектилеринде сууга түшүүгө тыюу салынат;
Бассейин, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдардын кароосуз калтырбоо зарыл;
Саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө болбойт;
Скутерлерге, парустуу, моторлуу кайыктарга жана башка ушул сыяктуу сүзүүчү каражаттарга сүзүп барганга тыюу салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:01
2026-08-04
20:20
2026-08-03
19:57
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















