Оштогу 100 жылдык тарыхы бар Ломоносов мектеби заманбап форматта кайра курулууда
Ош шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы 100 жылдык тарыхы бар мектептин ордуна 750 орундуу жаңы заманбап билим берүү мекемеси курулуп жатат. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу быйыл февралда башталган.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда төрт кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, биринчи жана экинчи кабаттарда ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жалпы аянты 10 миң 896 чарчы метрди түзгөн мектепте 37 окуу классы, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгекке үйрөтүү кабинеттери, медициналык бөлмө, жыйындар залы жана заманбап спорт залы болот.
Курулуштун жүрүшү жана сапаты тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:20
2026-08-03
19:57
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















