super.kg logo

Бишкекте Көчмөндөр оюну менен ШКУга карата фан-зона уюштурулат

 
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында Ала-Тоо аянтында чоң фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, анда борбор калаанын тургундары жана коноктору ачылыш аземди түз эфирден көрүп, майрамдык маанайга күбө боло алышат. Расмий түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Ошондой эле фан-зонанын аймагында фуд-корттор, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлүк эс алууга ылайыкталган башка аянтчалар иштейт.
Мындан тышкары, шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштурулат. Жалпысынан Бишкек шаарында 11 аянтча иштеп, анда шаар тургундары жана коноктору 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитин көрө алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: