Эртеңден баштап Боомдо таш кулатуу иштери башталат
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт."Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, иштер 22-25-май күндөрү жолдун 132-чакырымында жүргүзүлөт.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан аталган тилке жарым-жартылай тосулуп, иштер эртең мененки саат 09:00дөн 15:00го чейин уланат.
Ал эми тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:01
2026-08-04
20:20
2026-08-03
19:57
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















