super.kg logo

Кыргызстан Өзбекстандан эки айылды өткөрүп алууну баштады

 
Өзбекстандан Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын расмий өткөрүп алуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымдалгандай, эки мамлекеттин чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталган. Анын алкагында эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу комиссиясы иш алып барууда.
Учурда айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки этапта жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарда каралган жол-жоболор ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашашат. Аталган эки айылдын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанган мамлекеттик чек ара тилкесинен эквиваленттүү (теңме-тең) жер аянтын өткөрүп берүүнү макулдашкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: