Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолунун курулуш иштери аяктады (видео)
Транспорт министрлиги Бишкек - Күн-туу - Шопоков унаа жолунун курулушу графикке ылайык активдүү жүрүп жатканын маалымдады.
Учурда жолдун айрым тилкелеринде негизги катмар төшөлүп, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жана жаңы көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктады. Ошондой эле суу агызуучу арыктар жана тротуарлардын бордюрларын орнотуу иштери уланууда.
Күн-Туу айылынан Токбай айылына чейин узундугу 7,5 чакырымды түзгөн таза суу түтүкчөлөрү тартылып, электр мамычалары жана электр чубалгылары көчүрүлдү.
Белгилей кетсек, Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. 2025-жылы анын 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн.
Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолунун курулуш иштери аяктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















