Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган чет элдик туристтерге жардам көрсөтүлдү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган чет элдик туристтерге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, кечээ, 21-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда украиналык 67 жаштагы Ж.Н. аттуу жараны жана капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерден Чехия өлкөсүнүн 71 жаштагы К.Д аттуу жараны буттарын кокустатып алышкан.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу чыгышканы айтылат.
"Куткаруучулар жеткенге чейин украиналык туристти "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип беришкен", - деп жазылат анда.
Учурда чет өлкөлүк аял туристтердин абалы канааттандырарлык экени маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:01
2026-08-04
20:20
2026-08-03
19:57
2026-08-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















