21-январь - Эл аралык кучакташуу күнү! SUPER.KG порталынын колдонуучулары жана өнөр адамдары шаар тургундарын куттуктап келишти (Фоторепортаж)



Акциянын катышуучуларынан алгачкылардан болуп ырчы, куудул жигит Мажит келди.

Акцияга келген форумчулар менен өнөр адамдарынын саны 10дон ашты. Солдон-оңго: Azamat1992.kg, Lui, Мажит, Zali, dina, aguni, midin-92, case, umka220190, edico22.

Алгач чогулгандар бири-бири менен кучакташып, даярдык көрүштү. Анткени, көчөдө өз ою менен алек болуп бараткан кишинин көңүлүн өзүңө бурдуруп, кучакташууга макул кылуу кылдаттык менен ишке ашырылышы керек эле.

Форумчулар жана өнөр адамдары эл чочубасын деп алгач майрамдын жайын түшүндүрүп, анан кучакташып жатышты.

Форумчулар жана өнөр адамдары эл чочубасын деп алгач майрамдын жайын түшүндүрүп, анан кучакташып жатышты.

Улуу муундун өкүлдөрүнө да маанай тартуулоону туура көрдүк. Бирок, алардын көбү "каяктагы майрам" деген көз караш менен карап, бошоң гана кучакташып, өз жолдоруна түшүштү.

Форумчулар жана өнөр адамдары эл чочубасын деп, алгач майрамдын жайын түшүндүрүп, анан кучакташып жатышты.

Жер-жерлерде топ-топ болуп үйүлүп турган кыз-жигиттерге түз барып, жалпылай кучакташып жатышты.

Ырчы жигит Жоодарбешим саамалык алкагында өз активдүүлүгүн көрсөтүп, кези келгенде эки кишини бир кучактоодо.

Кучакташуу бардык муундун өкүлдөрүнө жарашат. Бул ириде адамдары бири-бирине жакындатат. Бул кичинекей кыз менен бала майрамдан кабары да жок. Форумчулар аларды тамашалап, кучакташтырышты.
Бүгүн, 21-январь - Эл аралык кучакташуу күнү! Майрамдын
урматына SUPER.KG порталынын колдонуучулары чакан иш-чара уюштурушту. Форумчулар
жана алардын катарын толуктаган өнөр адамдары көчөдө майрамдан кабары барларга да жана
кабары жокторго да майрам тууралуу айтып, кучактап чыгышты. Иш-чарага жалпысынан 10 адам катышты. Алар алгач бири-бири менен кучакташып, даярдык көрүштү. Анткени көчөдө өз ою менен алек болуп бараткан кишинин көңүлүн өзүңө бурдуруп, кучакташууга макул кылуу кылдаттык менен ишке ашырылышы керек.
Автор: Максат Кудайбердиев
Эл аралык кучакташуу күнү
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
4

