АКШ тарабынан чөктүрүлгөн Ирандын кемесиндеги 87 адамдын сөөгү табылды
АКШ тарабынан Шри-Ланканын жээгинде чөктүрүлгөн Ирандын аскер кемесинин ичиндеги 87 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Шри-Ланканын министрлер кабинетинин өкүлү Налинда Жаятисса тастыктаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, аталган кемеде 180 экипаж мүчөсү болгон. Аскер кемеси суу астынан жүрүүчү кеменин кол салуусунун улам 40 чакырым тереңдикке чөгүп кеткен.
Буга чейин Шри-Ланканын тышкы иштер министрлиги куткаруучулар тарабынан экипаждын 32 мүчөсүн аман алып чыгууга үлгүрүшкөнүн айтышкан. Учурда куткаруу иштери улантылып жатканы маалым болду.
Белгилей кетсек, Иранга таандык аскер кемесин АКШнын суу астынан сүзүүчү кемеси чөктүргөнүн АКШнын Коргоо министрлигинин башчысы Пит Хегсет тастыктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2026-06-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















