Бразилиянын Санта-Катарина штатында торнадо аэропортту талкалады (видео)
Кечээ, 4-ноябрда Бразилиянын Санта-Катарина штатын катуу шамал жана эки торнадо каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул торнадо Амазонкадан келген ысык нымдуу аба менен күчтүү муздак шамалдын кагылышуусунан келип чыккан. Табигый кырсыктын кесепетинен Шапеко шаарынын "Серафим Эносс Бертасо" атындагы эл аралык аэропорту талкаланды.
Мындан тышкары, миңдеген турак жайлар жарыксыз калганы маалым болду. Азыркы учурда аталган штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бразилиянын Санта-Катарина штатында торнадо эл аралык аэропортту талкалады (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















