Каспийдеги кырсык: 14 аскердин өлүмү боюнча 8 адам камакка алынды
Казакстанда Каспий деңизиндеги аскердик машыгуу учурунда 14 жоокердин өлүмү боюнча 8 адам камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Казакстандын маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, иш боюнча 300дөн ашык адам суралып, 30дан ашуун экспертиза жүргүзүлгөн.
Кызматтык шалаакылыкка шектелип, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчилери жана аскер бөлүктөрүнүн командирлери камакка алынды.
Эске салсак, кырсык 24-сентябрда машыгуу учурунда болуп, 14 аскердин өмүрүн алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















