Куткаруучулар бирөөнү аман алып чыгышкан... Баткендеги шахтада эки кенчи каза тапты
Баткендин Самаркандек айылындагы “Баткен Мунай" шахтасында 2 жаран каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик кечээ, 7-мартта шахтада газ чыгып, 3 жаран калып калганы тууралуу маалымат түшкөнүн белгиледи. Жерине 13 куткаруучу жиберилген. Алар шахтанын 200 метр тереңдигинен каза болгон 2 кенчинин сөөгүн жана 1 жаранды аман-эсен алып чыгышкан. Маркумдардын сөөктөрү милиция кызматкерлерине, ал эми үчүнчү адам "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле аталган "Баткен Мунай" шахтасынан иске ууланган 18 кызматкер Баткен райондук ооруканасына кайрылышкан. Абалдары канааттандырарлык.
Баткендеги шахтада эки кенчи каза тапты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















