super.kg logo

УКМК Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысын кармады

 

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери Нарын шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин чогултушканын белгилейт. Аларга чогултулган акча каражаттары аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында Эсептөө палатасынын текшерүүчү инспекторуна берилет деп айтылган.

Жогоруда айтылган ишке тиешеси бар адамдардын кызматтык бөлмөлөрүн тинтүүдө 68 миң сом жана 17 мектеп, бала бакчалардын тизмеси табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

УКМК кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






УКМК Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысын кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: