super.kg logo

Иран элчиси 17 күндө талкаланган объекттердин санын атады

 

Израил менен АКШнын Иранга карата аскердик операциясы башталгандан бери өлкөдө 55 миң имарат талкаланып, дүйнөлүк маанидеги архитектуралык эстеликтер зыянга учурады. Бул тууралуу Ирандын Дүйшөмбүдөгү элчиси Алиреза Хакиян брифингде билдирди.

"Израил менен АКШнын Иранга чабуулунун 17-күнүндө 55 миң объект талкаланды, анын ичинде дүйнөлүк маданий маанидеги имараттар дагы бар",- деген элчи.

Ал белгилегендей, буга карабастан Иран каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү жана жеңишке үмүттөнөт. "Алар Ирандын күчүн баалабай, андан кутула албай турган айлампага түшүп калышты. Биз баштабаган бул согушту жеңебиз деп үмүттөнөбүз",- деген элчи.

ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, Ирандагы аскердик аракеттердин натыйжасында Тегерандагы Голестан сарайы, Чехель-Сотун павильону жана Жаме мечити, ошондой эле Исфахандын борборундагы Накш-е Жахан аянтынын айланасында курулган жайлар ​​жабыркады.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урууда.
Жаңжалдын алгачкы жумасында аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Азыркы учурда эки тарап бири-бирин аткылоону улантууда. Миңдеген адамдар каза таап, дагы он миңдеген имарттар талкаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: