Сүлүктү шаарында башкармалыктын башчысына кылмыш иши козголду
Баткендин Сүлүктү шаарынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринен мыйзамсыз акча каражаттары чогултулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын башчысы Эсептөө палатасынын инспекторуна акча берүү максатында ар бир кызматкерден белгилүү бир өлчөмдө акча каражаттарын чогултуп, өзүнүн электрондук капчыгына которткон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















