Нарында катталган жол кырсыгынан жубайлар жабыркаганы айтылды
Нарын шаарындагы жол кырсыгынан 55 жаштагы жаран жана анын 51 жаштагы жубайы жабыркады. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 29-мартта катталган. Анда Mitsubishi үлгүсүндөгү унаа Шералиев көчөсүнөн жубайларды сүзүп кеткен. Экөө тең "Тез жардам" кызматы аркылуу Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми 22 жаштагы айдоочу суракка алынып, ал унаасы менен жолдо токтоп турган КИА үлгүсүндөгү унаадан озуп өтүү аракетинде каршы тилкеге чыкканын жана жөө бара жаткан эки жаранды сүзүп алганын айткан. Учурда жабырлануучулардын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Айдоочу Чек ара кызматында кызмат өтөгөндүгүнө байланыштуу топтолгон материалдар Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасына жөнөтүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин унаа кырсыгы боюнча интернет желесине видео тараган. Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар тууралуу маалымат берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















