super.kg logo

Бишкекте балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратууга шектүү жаран кармалды

 

Бишкекте балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, 28-мартта саат 20:32 чамасында Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран жаш балдарга конфет таратып жүргөнү, кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция барып текшерген учурунда аталган конуштун тургуну Б.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда анын 2015- жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз жарандан алган момпосуйлардын ичинен ийненин сыныктары табылганын билдирди.

Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Натыйжада шектүү Н.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын жашаган дарегинде жүргүзүлгөн тинтүүдө момпосуйлар жана башка буюм далилдер алынды.

Милиция ата-энелерден балдарга белгисиз адамдардан эч нерсе албоону түшүндүрүп, айланада шектүү адамдар пайда болсо 102ге кабарлоону суранат.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: