Бишкекте мечиттен телефон уурдаган жигит кармалды (видео)
Бишкектеги мечиттен бирөөнүн телефонун уурдаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга К.С. аттуу жаран январь айында арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз жаран мечиттен Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин жазган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 18 жаштагы С.А. аттуу жаран аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.
Бишкектеги мечиттен телефон уурдаган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















